bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 34
Exodus 34
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 35 →
1
Теңир Мусага мындай деди: «Ташты жылмалап, мурункуга окшош эки лоок жаса. Мен ал лоокторго сен талкалаган мурунку таш лооктордогу сөздөрдү жазып берем.
2
Эртең мененкиге чейин даяр бол. Синай тоосунун башына чыгып, Менин алдыма келип тур.
3
Бирок сени менен тоого эч ким чыкпасын, бул тоодо эч ким көрүнбөсүн. Бул тоонун жанында майда мал да, бодо мал да жайылып жүрбөсүн».
4
Муса таш жылмалап, мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасады. Эртең менен эрте туруп, Теңир буйругандай, Синай тоосуна чыкты. Колуна эки таш лоокту алып алды.
5
Теңир булут ичинде төмөн түшүп, Мусанын жанына келип токтоп, Өзүнүн ысымын «Жахаба» деп жарыялады.
6
Анан Теңир Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп сүйлөдү: «Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү,
7
миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган, ата-бабаларынын айыбы үчүн үчүнчү жана төртүнчү тукумуна чейинки балдарын жана балдарынын балдарын жазалай турган Кудай-Теңир».
8
Муса ошол замат жерге жыгылып, Кудайга таазим кылды.
9
Анан мындай деди: «О Эгедерим! Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда Эгедерим биз менен барсын, анткени бул эл – тоң моюн эл. Биздин мыйзамсыз иштерибиз менен күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди Өз элиң кылып ал!»
10
Ошондо Теңир мындай деди: «Мен мындай келишим түзөм: сенин бүткүл элиңдин алдында бүт жер жүзүндө болбогон жана эч бир элде жок кереметтерди көрсөтөм. Сен арасында жүргөн бүт эл Теңирдин иштерин көрөт, анткени Мен сен үчүн өтө коркунучтуу иш көрсөтөм.
11
Азыр Мен сага берип жаткан буйруктарымды сакта. Мына, Мен аморлуктарды, канаандыктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңдан кууп жатам.
12
Сак бол, өзүң ээлей турган жердин тургундары менен байланыш түзбө, алар силер түшө турган тор болуп калбасын.
13
Алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кыйраткыла, мазар теректерин кыйгыла.
14
Анткени сен Теңирден башка кудайга сыйынбашың керек, Анын ысымы – “Кызганчаак”. Ал – кызганчаак Кудай.
15
Өз кудайларына табынып жатышканда жана кудайларына курмандык чалып жатышканда, сени да чакырбашы үчүн, сен да алардын курмандыктарынан жебешиң үчүн, ал жердин тургундары менен келишим түзбө.
16
Алардын кыздары өз кудайларына табынып, сенин уулдарыңды да өз кудайларына табынууга азгырбашы үчүн, уулдарыңа алардын кыздарынан аял алып бербе.
17
Өзүңө куйма кудайларды жасаба.
18
Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, белгиленген Абыт айында жети күн ачыткысыз нан же, анткени сен Мисирден Абыт айында чыккансың.
19
Тун балдарыңдын баары Меники, ошондой эле бодо малыңдан тартып койлоруңа чейин, биринчи туулган эркек малыңдын баары Меники.
20
Эшектердин биринчи төлүн козуга алмаштыр. Эгерде алмаштырбасаң, анда кунун төлө. Бардык тун уулдарыңдын кунун төлө. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.
21
Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Себүү, оруу-жыюу убагында да жетинчи күнү эс ал.
22
Буудайыңдын биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Жумалар майрамын, жыл аягында Түшүм жыйноо майрамын майрамда.
23
Элиңдеги эркек аттуулардын баары жылына үч жолу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин, Эгедердин, алдына келишсин.
24
Анткени Мен сенин алдыңдан бул жердеги элди кууп чыгып, сенин чек араңды кеңейтем. Эгерде сен жылына үч жолу Кудай-Теңириңдин алдына келсең, эч ким сенин жериңди тартып албайт.
25
Мага чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Пасах майрамына карата чалынган курмандык эртең мененкиге калбасын.
26
Жериңден алган эң биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба».
27
Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени бул сөздөрдүн негизинде Мен сени менен жана Ысрайыл эли менен келишим түзүп жатам».
28
Ошентип, Муса Теңирдин жанында нан да жебей, суу да ичпей, кырк күн, кырк түн болду. Ошондо Кудай таш лоокторго келишим сөздөрүн – он осуятты жазды.
29
Муса Синай тоосунан түшүп келе жатканда, анын колунда мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле. Муса Кудай менен сүйлөшкөндүктөн, тоодон түшүп келе жатканда, жүзүнөн нур чачырап турганын өзү билген жок.
30
Арун менен Ысрайылдын бардык уулдары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүп, жакын баруудан коркушту.
31
Муса аларды өзүнө чакырды. Ошондо Арун менен жамааттын бардык башчылары келишти. Муса алар менен сүйлөштү.
32
Андан кийин Ысрайылдын бүт уулдары келишти. Муса аларга Теңирдин Синай тоосунда айткан осуяттарынын баарын айтып берди.
33
Муса алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бетине жабуу жаап алды.
34
Ал Теңир менен сүйлөшүү үчүн, Анын алдына барганда, бетиндеги жабуусун алып салчу, кайра чыкканда жаап алчу. Чыккандан кийин Теңир берген осуяттын баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү.
35
Ысрайыл уулдары анын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү. Теңир менен сүйлөшкөнү барганга чейин, ал кайрадан жүзүн жаап алчу.
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 35 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40