bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 16
Exodus 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 17 →
1
Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Эйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи күнү Эйлим менен Синайдын ортосундагы Син чөлүнө келишти.
2
Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.
3
Ысрайыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы», – деп наалышты.
4
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап көрөм.
5
Алтынчы күнү болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал күн сайын жыйнагандарынан эки эсе көп болот».
6
Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Теңир алып чыкканын кечинде билесиңер.
7
Эртең менен Теңирдин даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды укту. Бизге наалыганыңардай, биз ким элек?»
8
Муса мындай деди: «Теңир силерге кечинде эт, эртең менен тоё жегидей нан берет, анткени Теңир силердин Өзүнө нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар».
9
Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: “Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыңарды укту”».
10
Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту. Ошондо Теңирдин даңкы булуттан көрүндү.
11
Теңир Мусага мындай деди:
12
«Мен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: “Кечинде эт жейсиңер, эртең менен нанга тоёсуңар, Менин силердин Кудай-Теңириңер экенимди ошондо билесиңер”».
13
Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, станды каптады, ал эми эртең менен стандын тегерегине шүүдүрүм түштү.
14
Шүүдүрүм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чөлдө данга окшогон майда нерселер калды.
15
Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчү эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Теңирдин силерге жегенге берген наны.
16
Теңир силерге мындай буйрук берди: “Ар кимиңер жешиңерче жыйнагыла. Ар ким өз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын”».
17
Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири көп, бири аз жыйнады.
18
Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Көп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.
19
Муса аларга: «Эртең мененкиге калтырбагыла», – деди.
20
Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Кээ бирөөлөрү жыйнагандарынан эртең мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.
21
Алар күндө эртең менен өздөрүнө жеткидей жыйнашчу. Күн ысыганда, ал эрип кетчү.
22
Алтынчы күнү алар нанды эки эсе көп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.
23
Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деди: “Эртең дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыңарды бүгүн бышырып, кайната турганыңарды бүгүн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртең мененкиге чейин сактагыла”».
24
Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртең мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.
25
Муса аларга: «Муну бүгүн жегиле, анткени бүгүн Кудайдын ишембиси. Бүгүн муну талаадан таппайсыңар.
26
Аны алты күн жыйнагыла. Ал эми жетинчи күн – ишемби. Бул күнү манна болбойт», – деди.
27
Кээ бирөөлөр жетинчи күнү жыйнаганы чыгышты, бирок эч нерсе таба алышкан жок.
28
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасыңар?
29
Эсиңерден чыкпасын, ишембини силерге Теңир берди, ошон үчүн Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берип жатат. Ишемби күнү ар ким өз үйүндө болсун, эч ким өз үйүнөн чыкпасын».
30
Ошентип, эл жетинчи күнү эс алды.
31
Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын өңү кориандрдын уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.
32
Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деп буйруду: “Укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чөлдө кандай нан менен азыктандырганымды алар көрүшсүн”».
33
Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, аны Теңирдин алдына коюп кой».
34
Теңир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу үчүн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.
35
Ысрайыл уулдары өздөрү жашай турган жерге жеткиче, маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.
36
Гомор болсо эйфанын ондон бир бөлүгү.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40