bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 18
Exodus 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 19 →
1
Мидиандык буткана кызматчысы, Мусанын кайнатасы Итро Кудайдын Мусага жана Өз элине эмне кылганынын баарын, Теңирдин Ысрайылды Мисирден кантип алып чыкканын укту.
2
Мусанын кайнатасы Итро ошондон мурунураак келген Мусанын аялы Сипорду,
3
анын эки уулун алып, Мусага келди. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса биринчи уулуна Гейиршом деген ат койгон эле.
4
«Атамдын Кудайы мага жардам берип, мени фараондун кылычынан куткарды», – деп, экинчи уулуна Элиезер деген ат койгон эле.
5
Мусанын кайнатасы Итро анын уулдары менен аялын алып, чөлгө, Мусага келди. Муса Кудайдын тоосунун жанына станы менен жайланышкан эле.
6
Ал Мусага: «Мен, кайнатаң Итро, аялың менен эки уулуңду алып, сага бара жатам», – деп кабар жиберди.
7
Муса кайнатасын тосуп чыгып, жүгүнүп, аны өптү. Экөө учурашкандан кийин, чатырга киришти.
8
Ошондо Муса кайнатасына Теңирдин Ысрайыл үчүн фараон менен мисирликтерге эмне кылганын, жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болгонун, Теңир аларды кантип куткарганын бүт айтып берди.
9
Итро Теңирдин Ысрайылды мисирликтердин колунан куткарганда көрсөткөн бардык жакшылыгын угуп кубанды.
10
Ошондо Итро: «Силерди мисирликтердин жана фараондун колунан куткарган, бул элди Мисирдин бийлигинен бошоткон Теңирге даңк!
11
Теңирдин бардык кудайлардан улуу экенин эми билдим, анткени алар ысрайылдыктарга кыйынсынышканда, Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн көрсөттү», – деди.
12
Анан Мусанын кайнатасы Итро Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды алып келди. Ошондо Арун Ысрайылдын бүт аксакалдарын ээрчитип, Мусанын кайнатасы менен бирге Кудайдын алдында тамак жегени келди.
13
Эртеси күнү Муса элге сот жүргүзүү үчүн отурду. Эл болсо эртеден кечке Мусанын алдында турду.
14
Ошондо Мусанын кайнатасы анын элге сот жүргүзүп жатканын көрүп, мындай деди: «Элди эмне кылып жатасың? Эмне үчүн сен жалгыз отурасың? Эмне үчүн бүт эл эртеден кечке алдыңда турат?»
15
Муса кайнатасына мындай деп жооп берди: «Эл мага Кудайдын эркин суроо үчүн келип жатат.
16
Алардын кандайдыр бир талашы болсо, мага келишет, мен аларга сот жүргүзөм, Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын айтам».
17
Ошондо Мусанын кайнатасы ага мындай деди: «Сенин мындай кылганың жакшы эмес.
18
Сен өзүңдү да, алдыңдагы элди да кыйнап жатасың, анткени бул иш сага оордук кылат. Сен муну жалгыз аткара албайсың.
19
Ошондуктан менин айтканымды ук. Мен сага акыл айтайын, Кудай сени менен болот. Сен болсо эл үчүн Кудайдын алдында арачы болуп, элдин иштерин Кудайга жеткирип тур.
20
Аларга Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын үйрөтүп, алар жүрө турган Кудайдын жолун жана алар кыла турган иштерди көрсөт.
21
Эл ичинен жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ач көздүктү жек көргөн, адилет адамдарды тандап алып, аларды элге миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып дайында.
22
Ошолор элге ар убак сот жүргүзүшсүн, маанилүү иштерди сага билдирип турушсун, ал эми майда иштерди өздөрү чечишсин, ошондо сага жеңилирээк болот, алар оор жүктү сени менен бирге көтөрүшсүн.
23
Эгерде сен ушундай кылсаң, Кудай сага эмне кылыш керек экенин айтып турат. Ошондо сен бекем тура аласың, эл да өз ордуна тынчтык менен тарап кетет».
24
Муса кайнатасынын сөзүнө макул болуп, ал айткандын баарын кылды.
25
Муса ысрайылдыктардын ичинен жөндөмдүү адамдарды тандап алып, аларды миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып, элди башкарууга дайындады.
26
Алар ар убак элге сот жүргүзүштү. Оор иштерди Мусага айтып, ал эми майда иштерди өздөрү чечип турушту.
27
Анан Муса кайнатасын узатып жиберди. Ал өз жерине кетти.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40