bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 20
Exodus 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 21 →
1
Ошондо Теңир мына бул сөздөрдү айтты:
2
«Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.
3
Менден башка кудайларың болбосун.
4
Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба.
5
Аларга табынба, кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң Менмин. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын.
6
Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды сактагандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.
7
Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Теңир жазасыз калтырбайт.
8
Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба.
9
Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл.
10
Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да эч кандай жумуш кылбасын.
11
Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн, ал эми жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктап койгон.
12
Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла.
13
Киши өлтүрбө.
14
Ойноштук кылба.
15
Уурдаба.
16
Жакыныңа жалаа жаппа.
17
Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа».
18
Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, сурнай үнүн угуп, жалынды, түтөгөн тоону көрүп турду. Муну көргөн эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду.
19
Анан алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы, биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз», – дешти.
20
Муса элге кайрылып: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди», – деди.
21
Эл алыста турду. Муса болсо Кудай турган караңгы булутка кирди.
22
Ошондо Теңир Мусага: «Ысрайыл уулдарына айт: “Менин силерге асмандан кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр.
23
Менин алдымда өзүңөргө күмүштөн же алтындан кудай жасабагыла”.
24
Мага курмандык чалынуучу жайды топурактан жаса. Анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды, тынчтык курмандыктарыңды, койлоруңду, өгүздөрүңдү курмандыкка чал. Ошондо Мен Менин ысымымды эстетип турган жерге келип, сага батамды берем.
25
Эгерде Мага курмандык чалынуучу жайды таштан жасай турган болсоң, анда аны жылмаланган таштан жасаба. Анткени сүргүч тийгизер замат, аны булгап койгон болосуң.
26
Жылаңач этиң көрүнүп калбашы үчүн, Мен үчүн курган курмандык чалынуучу жайга тепкич менен чыкпа.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40