bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 9
Exodus 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 10 →
1
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып, эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт де: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
2
Эгерде сен аны коё бергиң келбей, дагы кармай турган болсоң,
3
анда Теңир Өз колун талаадагы бардык малыңа, жылкыларыңа, эшектериңе, төөлөрүңө, өгүздөрүңө жана койлоруңа каршы сунат: аларга өтө оор жугуштуу оору жиберет.
4
Бирок Теңир Ысрайылдын малын Мисирдин малынан бөлүп коёт. Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлбөйт”».
5
Теңир убакытты белгилеп: «Муну Теңир эртең ушул жерде жасайт», – деди.
6
Теңир муну эртеси күнү жасады, ошондо Мисирдин бардык малы кырылып калды, бирок Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлгөн жок.
7
Фараон билип келгенге киши жиберсе, ысрайылдыктардын малынан бирөө да өлбөптүр. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, элди коё бербей койду.
8
Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мештен бир уучтан күл алгыла. Муса аны фараондун көз алдында асманга чачсын.
9
Ошондо бүткүл Мисир жерин чаң каптап, бүткүл Мисир жериндеги адамдар менен малга ириңдүү жара чыгат».
10
Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, ошондо адамдар менен малга ириңдүү жара чыкты.
11
Сыйкырчылар жарадан улам Мусанын алдында туруштук бере алышпады, анткени жара сыйкырчыларга жана бүт мисирликтерге чыккан эле.
12
Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, Теңир Мусага айткандай эле, фараон аларды уккан жок.
13
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең эрте туруп, фараондун алдына барып, ага мындай де: Эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
14
Анткени бул жолу Мен сени, кулдарыңды жана элиңди катуу жазалайм, ошондо сен бүт жер үстүндө Мага теңдеш эч ким жок экенин билесиң.
15
Эгерде Мен колумду сунсам, анда сен элиң менен кошо жугуштуу оорудан кырылмаксың, жер бетинен жок болмоксуң.
16
Бирок сага Өзүмдүн күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүт жер жүзүндө белгилүү болуш үчүн, Мен сага тийген жокмун.
17
Сен Менин элимди коё бергиң келбей, дагы эле каршы болуп жатасың.
18
Мен эртең так ушул убакта Мисир негизделген күндөн тартып азыркыга чейин болуп көрбөгөн өтө катуу мөндүр жаадырам.
19
Ошондуктан малыңды жана талаада эмнең болсо, ошонун баарын чогултканы киши жибер, ал эми үйгө келбей, талаада калган адамдарың да, малың да мөндүрдөн кырылат”».
20
Фараондун кулдарынын ичинен Теңирдин сөзүнөн корккондору шашылыш барып, талаадагы кулдары менен малын үйлөрүнө алып келишти.
21
Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбагандары кулдары менен малын талаага калтырышты.
22
Ошондо Теңир Мусага: «Колуңду асманга көтөр, бүткүл Мисир жерине, элине, малына жана Мисир жериндеги бардык өсүмдүктөргө мөндүр түшөт», – деди.
23
Муса таягын асманга көтөрдү. Ошондо Теңир күн күркүрөтүп, мөндүр жаадырды, жер бетин от каптады. Ошентип, Теңир Мисир жерине мөндүр жаадырды.
24
Мөндүр менен кошо от да жаады, мөндүр абдан катуу болду. Мисирде эл отурукташкандан бери мындай болгон эмес.
25
Ошентип, мөндүр бүткүл Мисир жерин талкалады, талаада эмне болсо, ошонун баарын: адамдарды, малдарды кырып, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды талкалап кетти.
26
Ысрайыл уулдары жашаган Гошен жерине гана мөндүр жааган жок.
27
Ошондо фараон Муса менен Арунду киши жиберип чакыртып алып: «Бул жолу мен күнөө кылдым, Теңир адилеттүү, мен жана менин элим болсо айыптуу.
28
Теңирге сыйынгылачы, Кудайдын күн күркүрөөсү менен мөндүрү басылсын. Ошондо мен силерди коё берем, мындан ары кармабайм», – деди.
29
Муса ага: «Мен шаардан чыгарым менен Теңирге колумду сунам. Күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да басылат, ошондо сен жер Теңирдики экенин билесиң.
30
Бирок мен сен да, кулдарың да дагы эле Кудай-Теңирден коркпоруңарды билем», – деди.
31
Зыгыр менен арпаны да мөндүр талкалап кетти, анткени арпа баш алып, зыгыр гүлдөп калган эле.
32
Ал эми буудай менен кайрак буудайды мөндүр талкалаган жок, анткени алар кеч себилген эле.
33
Муса фараондон чыгып, шаардан узагандан кийин, Теңирге колун сунду. Ошондо күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да, жерге куйган жамгыр да басылды.
34
Фараон жамгырдын да, мөндүрдүн да, күндүн күркүрөгөнү да басылганын көргөндө, күнөө кылганын улантты, ал өзү да, анын кулдары да жүрөктөрүн катуулантышты.
35
Теңир Муса аркылуу айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40