bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 5
Exodus 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 6 →
1
Ошондон кийин Муса менен Арун фараонго келип, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар чөлдө Мага арнап майрам өткөрүшсүн”».
2
Бирок фараон: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир ким экен? Мен Теңирди билбейм, Ысрайылды да коё бербейм», – деди.
3
Алар ага: «Эврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат. Бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы, болбосо Ал бизге жугуштуу оору жиберет же кылыч менен жок кылат», – дешти.
4
Ошондо Мисир падышасы аларга: «Муса менен Арун, силер эмне үчүн элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? Өз жумушуңарга жөнөгүлө.
5
Бул жерде эл көп, силер аларды иштеринен алагды кылып жатасыңар», – деди.
6
Фараон ошол эле күнү башкаруучуларга жана көзөмөлдөөчүлөргө мындай деп буйрук берди:
7
«Мындан ары бул элге кыш куюу үчүн мурункудай саман бербегиле. Алар саманды өздөрү барып чогултуп алышсын.
8
Бирок кышты буга чейин куюп келгендегидей эле санда куюшсун, санын азайтпагыла. Алар жалкоо, ошондуктан: “Барып, Кудайыбызга курмандык чалабыз”, – деп кыйкырып жатышат.
9
Аларга жумушту көп бергиле, иштешсин, куру сөз менен алек болушпасын».
10
Ошондо башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөр элге кайрылып: «Фараон: “Силерге саман бербейм.
11
Саманды өзүңөр таап алгыла. Бирок жумушуңарды азайтпайм”, – деп айтып жатат», – дешти.
12
Ошондо эл саман ордуна пая издеп, Мисир жерине тарап кетти.
13
Башкаруучулар болсо: «Кышты саман бар кездегидей эле, күн сайын мурунку белгиленген санда куйгула», – деп мажбурлап жатышты.
14
Ал эми фараондун башкаруучулары Ысрайыл уулдарынын ичинен өздөрү дайындаган көзөмөлдөөчүлөрдү: «Эмне үчүн кышты мурунку белгиленген санда куйбай жатасыңар?» – деп уруп-сабашты.
15
Ошондо Ысрайыл уулдарынын көзөмөлдөөчүлөрү фараонго ыйлап келип: «Эмнеге кулдарыңа ушундай мамиле кылып жатасың?
16
Кулдарыңа саман бербей жатышат, бирок кыш куйгула деп, кулдарыңды сабап жатышат. Элиң күнөө кылып жатат», – дешти.
17
Бирок фараон аларга: «Жалкоосуңар силер, жалкоосуңар, ошондуктан “Теңирге курмандык чалабыз” деп жатасыңар.
18
Баргыла, иштегиле. Силерге саман берилбейт, бирок тиешелүү сандагы кышты толук бергиле», – деди.
19
Ысрайыл уулдарынан коюлган көзөмөлдөөчүлөр «Ар бир күнгө белгиленген кыштын санын кемитпегиле» деген буйруктан улам баштарына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү.
20
Алар фараондон чыкканда, өздөрүн күтүп турган Муса менен Арунга жолугушту.
21
Аларга: «Теңир силерди көрсө экен, бизди фараонго жана анын кулдарына жек көрүндү кылганыңар үчүн, бизди өлтүртүү үчүн алардын колуна кылыч карматканыңар үчүн жазаласа экен», – дешти.
22
Ошондо Муса Теңирге кайрылып: «Теңир! Эмне үчүн бул элди ушундай азапка салдың, эмне үчүн мени жибердиң?
23
Мен келип, фараонго Сенин атыңдан сүйлөй баштагандан тартып, ал бул элге мурункудан да жаман мамиле кыла баштады. Сен болсо Өз элиңди куткарган жоксуң», – деди.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40