bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 39
Exodus 39
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 40 →
1
Алар ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган ыйык кийимдерди да токушту. Теңир Мусага буйругандай, Арунга ыйык кийимдерди токушту.
2
Эфодду алтындан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан токушту.
3
Алар алтынды жука жайып, андан жип жасап, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдүн, зыгыр буласынан чыйратылган жиптердин арасына кошуп, чеберчилик менен кездеме токушту.
4
Эфоддун эки ийинине алды-артын бириктире турган чен жасашты, чендин эки учу эфоддун алды-артына бириктирилди.
5
Эфоддун бел курчоосун эфоддукундай кылып алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан Теңир Мусага буйругандай кылып токушту.
6
Оникс таштарына, мөөрдүн бетине чеккендей, Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жазып, аларды алтын оюктарга салышты.
7
Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, аны эфоддун чендерине бекитишти.
8
Эфодду токугандай эле, төш чөнтөктү да алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен токушту.
9
Ал төрт чарчы эле. Төш чөнтөктү алар эки кат кылып токушту, анын узундугу бир карыш, туурасы бир карыш.
10
Ага асыл таштарды төрт катар кылып салышты. Биринчи катарына лаал, топаз, зымырыт,
11
экинчи катарына карбункул, сапфир, алмаз,
12
үчүнчү катарына жакут, агат, аметист,
13
төртүнчү катарына хризолит, оникс жана яспис салышты. Алар алтын оюктарга жаткырылды.
14
Таштар Ысрайыл уулдарынын санына жараша болду. Алардын аттарынын саны он эки эле. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылды.
15
Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жасашты.
16
Алтындан эки оюк, эки шакекче жасап, эки шакекчени төш чөнтөктүн эки учуна бекитишти.
17
Алтындан өрүлгөн чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөрүштү.
18
Ал эми эки чынжырчанын эки учун эфоддун ченинин сырткы бетине бекитишти.
19
Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн экинчи эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекитишти.
20
Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекитишти.
21
Теңир Мусага буйругандай, төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байлашты, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнөн байлашты.
22
Анан эфоддун ичинен кие турган чапанды ачык көк жүндөн токушту.
23
Чапанга сооттукундай туюк жака чыгарып, айрылбашы үчүн жээгин кыюулап коюшту.
24
Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн чапандын этегине тегерете чокторду жасашты.
25
Таза алтындан жылаажындарды жасап, аларды чоктордун араларына, чапандын этегине кыдырата тагышты.
26
Теңир Мусага буйругандай, жылаажындар менен чокторду ыйык кызмат кылганда кийиле турган чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагышты.
27
Арунга жана анын уулдарына зыгыр буласынан узун көйнөктөрдү токушту.
28
Зыгыр буласынан кидарларды, баш кийимдерди, ич кийимдерди токушту.
29
Теңир Мусага буйругандай, чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн кооздоп бел курчоо токушту.
30
Таза алтынды жылмалап, ыйык таажы жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине «Бул Теңирге арналган» деп чегип жазышты.
31
Теңир Мусага буйругандай, аны кидарга байлаш үчүн, ага ачык көк жүндөн боо бекитишти.
32
Ошентип, жыйын чатырынын бардык жумуштары бүттү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары баарын так ошондой аткарышты.
33
Анан алар Мусага жыйын чатырын, анын жабууларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, анын илгичтерин, устундарын, шыргыйларын, мамыларын жана таканычтарын алып келишти.
34
Кызылга боёлгон кой терисинен жасалган жабууну, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана далдалай турган көшөгөнү,
35
мыйзам салынган сандыкты, анын шыргыйларын, капкагын,
36
үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,
37
таза алтындан жасалган чырактанды, анын үстүнө коюлуучу чырактарды жана ага тиешелүү нерселердин баарын, чырактанды күйгүзүүчү зайтун майын,
38
алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, майлоочу майды, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттарды жана жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,
39
жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,
40
короонун жабууларын, мамыларын, алардын таканычтарын, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, аркандарын, казыктарын жана жыйын чатырында кызмат кылганда керектелүүчү буюмдарды,
41
ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, Арундун уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин алып келишти.
42
Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары бардык жумушту так ошондой аткарышты.
43
Муса алар аткарган жумуштун бардыгын карап чыгып, бардыгы Теңир буйругандай аткарылганын көрдү. Ошондо Муса аларга батасын берди.
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 40 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40