bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 7
Exodus 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 8 →
1
Бирок Теңир Мусага мындай деди: «Билип кой, Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот.
2
Сен ага Мен буйругандын баарын айтасың. Бир тууганың Арун болсо фараонго: “Ысрайыл уулдарын өз жериңен коё бер”, – деп айтат.
3
Бирок Мен фараондун жүрөгүн катуулантып коём да, Мисир жеринде Өзүмдүн көптөгөн жышаандарымды, кереметтеримди көрсөтөм.
4
Фараон силерди укпайт, ошондо Мен Мисирге күч колдонуп, аны катуу жазалап, Өзүмдүн кошуунумду – Өз элим Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгам.
5
Мен Мисирди катуу жазалап, алардын арасынан Ысрайыл уулдарын алып чыкканда, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет».
6
Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты.
7
Фараон менен сүйлөшкөн убакта Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле.
8
Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
9
«Эгерде фараон силерге: “Керемет көрсөткүлө”, – десе, сен Арунга: “Таягыңды алып, фараондун алдына ташта”, – деп айт. Ал жыланга айланат».
10
Муса менен Арун фараонго келип, Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды.
11
Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты.
12
Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды.
13
Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
14
Ошондо Теңир Мусага: «Фараондун жүрөгү таштай катыды, ал элди коё бергиси келбей жатат.
15
Эртең менен фараонго бар, ал сууга чыгат, сен аны дарыянын жээгинен тосуп тур. Жыланга айланган таягыңды колуңа алып ал.
16
Анан ага мындай де: “Эврейлердин Кудай-Теңири мени сага мындай деп айттыруу үчүн жиберди: «Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, Мага ийбадат кылышсын». Бирок сен ушул күнгө чейин укпай келдиң.
17
Теңир мындай дейт: «Менин Теңир экенимди сен мындан билесиң». Мен азыр колумдагы мына бул таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.
18
Дарыядагы балыктар кырылат, дарыя сасыйт, мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”».
19
Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды алып, колуңду Мисирдин сууларына: дарыяларына, агын сууларына, көлдөрүнө, суу сактагычтарына сун, ошондо алар канга айланат. Бүткүл Мисир жери кан болот, жыгач, таш идиштеринин ичиндеги суулар да канга айланат”».
20
Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу канга айланды.
21
Ошондо дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып кеткендиктен, мисирликтер дарыядан суу иче албай калышты. Ошентип, бүткүл Мисир жери кан болду.
22
Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
23
Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Ага бул да таасир эткен жок.
24
Ичкенге суу табыш үчүн, бүт мисирликтер дарыянын тегерегин каза башташты, анткени алар дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.
25
Теңир дарыяны канга айланткандан кийин, жети күн өттү.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40