bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 24
Exodus 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 25 →
1
Анан Теңир Мусага мындай деди: «Арунду, Надапты, Абыйутту жана Ысрайылдын жетимиш аксакалын алып, тоого чыгып, Мага алыс туруп таазим кылгыла.
2
Теңирге Муса гана жакындасын. Ал эми тигилер жакындабасын, эл аларга кошулуп келбесин».
3
Муса келип, Теңирдин сөздөрү менен мыйзамдарынын баарын элге айтып берди. Ошондо бүт эл бир ооздон: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз», – деди.
4
Муса Теңирдин бардык сөздөрүн жазып алды. Эртеси эртең менен эрте туруп, тоонун түбүнө курмандык чалынуучу жай куруп, Ысрайылдын он эки уруусу үчүн он эки таш тизди.
5
Анан ал Ысрайыл уулдарынан уландарды жөнөттү. Алар Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты жана тынчтык курмандыгына букачарларды союшту.
6
Муса кандын жарымын чараларга куюп, жарымын курмандык чалынуучу жайга чачты.
7
Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди.
8
Муса элге кан чачып, мындай деди: «Бул кан – ушул сөздөрдүн негизинде Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан».
9
Андан кийин Муса менен Арун, Надап менен Абыйут жана Ысрайылдын жетимиш аксакалы тоонун башына чыгышты.
10
Ошондо алар Ысрайылдын Кудайын көрүштү. Анын бутунун астында таза сапфирден жасалгандай болгон, ачык асман түстүү нерсе жаткан эле.
11
Ал Ысрайылдын тандалган уулдарын өлтүргөн жок. Алар Кудайды көрүштү, ичип-жешти.
12
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тоого чыгып, Мага кел да, ошол жерде бол. Аларды үйрөтүш үчүн, Мен сага таш лоокторду жана Өзүм жазган мыйзам менен осуяттарды берем».
13
Муса жана анын кызматчысы Жашыя ордунан турушту. Муса Кудайдын тоосуна жөнөдү.
14
Аксакалдарга: «Биз кайрылып келгиче, ушул жерде болгула. Арун менен Хур силер менен болот. Кимдин жумушу болсо, ошолорго келсин», – деди.
15
Муса тоого чыгары менен тоону булут каптады.
16
Теңирдин даңкы Синай тоосун чулгады. Булут тоону алты күн каптап турду, ал эми жетинчи күнү Теңир булуттун арасынан Мусаны чакырды.
17
Тоонун башындагы Теңирдин даңкы Ысрайыл уулдарынын көзүнө бардыгын жалмап салуучу оттой болуп көрүндү.
18
Муса булуттун ичине кирип, тоонун башына чыкты. Муса ал тоодо кырк күн, кырк түн болду.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40