bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 19
Exodus 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 20 →
1
Мисир жеринен чыгышкандан кийин, үчүнчү айдын биринчи күнү, ай жаңырган күнү Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө келишти.
2
Алар Репидимден чыгып, Синай чөлүнө келип, станы менен жайланышышты. Ысрайыл эли ошол жердеги тоонун бет маңдайына станы менен жайланышты.
3
Муса Кудай менен сүйлөшүү үчүн, тоого чыкты. Тоодон Теңир ага мындай деп кайрылды: «Жакыптын элине, Ысрайыл уулдарына мындай дегин:
4
“Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, Өзүмө алып келдим.
5
Ошондуктан силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники.
6
Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар”. Сенин Ысрайыл уулдарына айта турган сөзүң ушул».
7
Муса келип, эл аксакалдарын чакырды да, Теңир осуяттаган ушул сөздөрдү айтты.
8
Ошондо бүт эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз», – деп жооп берди. Муса элдин айткан сөзүн Теңирге жеткирди.
9
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сени менен сүйлөшкөнүмдү эл угушу үчүн жана сага дайыма ишениши үчүн, Мен сага калың булуттун ичинде келем». Муса элдин айткан сөздөрүн Теңирге айтып берди.
10
Ошондо Теңир Мусага: «Элге барып, аларды бүгүн да, эртең да ыйыкта. Алар кийимдерин жууп тазалашсын.
11
Yчүнчү күнгө даяр болушсун, анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көз алдында Синай тоосуна түшүп келет.
12
Эл турган жерди тегерете сызып кой. Анан аларга мындай де: “Сак болгула, тоого чыкпагыла, тоонун этегине да жакындабагыла. Ким тоого жакындаса, ал өлүүгө тийиш.
13
Ал адамга эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алышсын же жаа менен атышсын, мал болобу, адам болобу, тирүү калбасын”. Сурнай үнү чыкканда гана тоого чыкса болот», – деди.
14
Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар өз кийимдерин жууп тазалашты.
15
Ошондо Муса элге: «Yчүнчү күнгө даяр болгула. Аялыңарга жакындабагыла», – деди.
16
Yчүнчү күнү таң атары менен күн күркүрөдү, чагылган чартылдады, калың булут тоонун башына келди, анан сурнай үнү катуу жаңырды. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кетти.
17
Муса элди стандан Кудай менен жолугушуу үчүн алып чыкты. Алар тоонун этегинде турушту.
18
Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жатты. Түтүн тоодон мештен чыккан түтүндөй болуп чыгып жатты, тоо катуу солкулдап турду.
19
Сурнай үнү барган сайын катуулай берди. Муса сүйлөп жатты, Кудай болсо катуу үн менен жооп берип жатты.
20
Анан Теңир Синай тоосуна түшүп келип, тоонун башынан Мусаны чакырды, Муса тоонун башына чыкты.
21
Ошондо Теңир Мусага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Теңирди көрөм деп жулунбасын, ошентем деп, көпчүлүгү өлүп калбасын.
22
Теңирге жакындай турган ыйык кызмат кылуучулар болсо, Теңир аларды өлтүрүп салбашы үчүн, өздөрүн ыйыкташсын», – деди.
23
Ошондо Муса Теңирге: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени Сен бизге: “Тоону тегерете сызып, аны «ыйык» деп жарыяла деп эскерткенсиң”», – деди.
24
Теңир ага: «Ылдый түшүп кел. Кайра өйдө чыгып келе жатканыңда, Арунду ала кел, бирок ыйык кызмат кылуучулар менен эл тоого чыгып, Теңирге барам деп жулунбасын, Теңир аларды кырып салат», – деди.
25
Муса түшүп келип, элге ушунун баарын айты.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40