bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 6
Exodus 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 7 →
1
Ошондо Теңир Мусага: «Эми сен Менин фараонго эмне кыларымды көрөсүң. Фараон аларды күчтүү колдун кийлигишүүсү менен коё берет. Атүгүл, күчтүү колдун кийлигишүүсү менен аларды өз жеринен кууп чыгат», – деди.
2
Кудай Мусага мындай деди: «Мен Теңирмин.
3
Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Кудай, Кудуреттүү” деген ысым менен келгем, бирок аларга “Теңир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.
4
Өздөрү келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келишим түзгөм.
5
Мен мисирликтердин эзүүсүнөн кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, Өзүмдүн келишимимди эстедим.
6
Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттүү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам.
7
Силерди Өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер.
8
Мен колумду көтөрүп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Теңирмин”.
9
Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жүрөкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.
10
Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
11
«Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин».
12
Муса Теңирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сөзгө жокмун».
13
Бирок Теңир Муса менен Арунга сүйлөдү. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Миcир падышасы фараонго жиберди.
14
Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.
15
Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.
16
Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жүз отуз жети жыл жашаган.
17
Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.
18
Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жүз отуз үч жыл жашаган.
19
Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.
20
Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген. Амрам болсо жүз отуз жети жыл жашаган.
21
Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.
22
Узиелдин уулдары: Мишаел, Элсапан жана Ситри.
23
Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, Элазар менен Итамарды төрөп берген.
24
Корактын уулдары: Асир, Элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.
25
Арундун уулу Элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты төрөп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.
26
Арун менен Муса – Теңирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.
27
Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу үчүн, Мисир падышасы фараон менен сүйлөшкөн кишилер – ушул Арун менен Муса.
28
Теңир Мисир жеринде Мусага сүйлөгөндө:
29
«Мен Теңирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.
30
Муса болсо Теңирдин алдында мындай деди: «Мен сөзгө жокмун, фараон мени кантип уксун?»
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40