bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 31
Exodus 31
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 32 →
1
Теңир Мусага дагы мындай деди:
2
«Билип ал, Мен Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындадым.
3
Мен аны Кудайдын Рухуна толтурдум, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик жана ар кандай өнөр бердим.
4
Мен ага алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,
5
оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду, бардык ишти жасай билүүнү үйрөттүм.
6
Мен ага Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйапты жардамчы кылып дайындадым. Ар бир акылдуу адамдын жүрөгүнө акылмандык салам, ошондо алар Мен сага буйругандын бардыгын жасашат.
7
Алар жыйын чатырын, келишим сандыгын жана анын капкагын, жыйын чатырына тиешелүү болгон бардык нерселерди,
8
үстөлдү жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, таза алтындан чырактан жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, ошондой эле жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,
9
курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,
10
кызматчылардын ыйык кызмат кыларда кие турган кийимдерин, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, анын уулдарынын ыйык кийимдерин даярдап,
11
ыйык жай үчүн майлоочу май жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу аралашма жасашсын. Алар мына ушулардын бардыгын Мен сага буйругандай жасашсын».
12
Теңир Мусага дагы мындай деди:
13
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Менин ишемби күнүмдү ыйык туткула, анткени ал күн – силерди ыйык эл кылган Теңириңер Мен экенимди билип жүрүүңөр үчүн, Мени менен силердин жана укум-тукумуңардын ортосунда белги болгон күн.
14
Ишемби күндү ыйык туткула, анткени ал силер үчүн ыйык. Ким аны ыйык тутпаса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ким ошол күнү жумуш кылса, ал өз элинин арасынан жок кылынсын”.
15
Алты күн иш кылышсын, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган эс алуучу ишемби күн. Ким ишемби күнү иш кылса, ал өлүм жазасына тартылсын.
16
Ысрайыл уулдары ишемби күндү ыйык тутсун, түбөлүк келишим катары алардын укум-тукуму ишемби күндү майрамдасын.
17
Бул – Мени менен Ысрайыл уулдарынын ортосундагы түбөлүк белги, анткени Теңир алты күндө асман менен жерди жараткан, ал эми жетинчи күнү тынч алып, эс алган».
18
Кудай Муса менен Синай тоосунда сүйлөшүп бүткөндөн кийин, ага мыйзам жазылган эки лоокту – Өз колу менен жазган таш лоокторду берди.
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 32 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40