bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 17
Exodus 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 18 →
1
Ошентип, Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле.
2
Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыңар? Эмнеге Теңирди сынап жатасыңар?» – деди.
3
Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрөйүн дедиңби?»
4
Ошондо Муса Теңирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш бараңга алып өлтүрүүгө даяр».
5
Теңир Мусага мындай деди: «Элдин алдына өтүп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыңды алып, жөнө.
6
Мен сенин алдыңда, Хорептеги асканын үстүндө турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын көз алдында ошондой кылды.
7
Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Теңирди: «Биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?» – деп сынашты.
8
Ошондо амалыктыктар Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту.
9
Муса Жашыяга: «Эркектерди тандап алып, амалыктыктар менен согуш. Эртең мен дөбөнүн башында турам, Кудайдын таягы менин колумда болот», – деди.
10
Жашыя Мусанын айтканындай кылып, амалыктыктар менен согушканы жөнөдү. Ал эми Муса, Арун жана Хур дөбөнүн башына чыгышты.
11
Муса колдорун көтөргөндө, Ысрайыл жеңип, колдорун түшүргөндө, амалыктыктар жеңип жатты.
12
Бирок Мусанын колдору талыды, ошондо Мусанын астына таш коюп беришти, ал таштын үстүнө отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагынан, экинчиси экинчи жагынан Мусанын колдорун сүйөп турушту. Ошентип, анын колдору күн батканча көтөрүлүп турду.
13
Жашыя амалыктыктарды кылыч мизине алып кыйратты.
14
Ошондо Теңир Мусага: «Ушуну эстелик үчүн китепке жазып кой. Амалыктыктарды жер үстүнөн таптакыр жок кыларымды Жашыянын кулагына куй», – деди.
15
Муса Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Ниси деп атады.
16
Анткени ал: «Колум Теңирдин тактысында. Теңирдин амалыктыктарга каршы согушу укумдан-тукумга уланат», – деди.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40