bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 22
Exodus 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 23 →
1
Эгерде кимдир бирөө өгүз же кой уурдап союп алса же сатса, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөйт.
2
Эгерде кимдир бирөө түнкүсүн уурунун үстүнөн чыгып, аны уруп өлтүрүп салса, анын каны үчүн жооп бербейт.
3
Эгерде күндүз уурунун үстүнөн чыгып өлтүрүп салса, анда анын каны үчүн жооп берет. Уурдаган киши төлөш керек. Эгерде төлөй албаса, анда уурдалгандын ордуна өзү сатылсын.
4
Эгерде уурдалган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу, уурунун колунан тирүү табылса, анда эки эселеп төлөсүн.
5
Эгерде кимдир бирөө малын коё берип, бирөөнүн талаасын же жүзүмзарын тепсетип талкаласа, анда ал ага өзүнүн талаасынын же жүзүмзарынын түшүмүнүн эң жакшысын берсин.
6
Эгерде өрт чыгып, тикендүү жыгачты каптап, бирөөнүн чөмөлөсү, же эгини, же талаасы күйүп кетсе, анда өрт чыгарган адам аны төлөп берсин.
7
Эгерде кимдир бирөө жакынына күмүшүн же буюмдарын сактап турууга берсе, алар анын үйүнөн уурдалып кетсе, бирок ууру табылса, ал эки эселеп төлөп берсин.
8
Эгерде ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттордун алдына келип, жакынынын менчигине тийбегендигин айтып каргансын.
9
Эгерде кимдир бирөө талаш-тартыштуу бир нерсесин: өгүзүн, же эшегин, же коюн, же кийимин, же жоготкон нерсесин жакын адамынан таап алып, “меники” десе, анда экөө тең сотко келсин. Сот кимди күнөөлүү деп тапса, ал жакынына эки эселеп төлөп берсин.
10
Ким өз жакынына эшегин, же өгүзүн, же коюн, же башка бир малын багып берүүгө берсе, анан ал өлүп калса, же майып болсо, же уурдалып кетсе, бирок эч ким көрбөсө,
11
анда ал жакынынын менчигине тийбегендигин айтып, Кудайдын алдында каргансын. Мал ээси анын карганганына ишенсин, ошондо жакыны эч нерсе төлөбөйт.
12
Эгерде уурдалып кетсе, анда ал мал ээсине төлөп берсин.
13
Эгерде жырткыч жара тартып кетсе, анда далил үчүн жара тартылган өлүктү көрсөтсүн. Жырткыч жара тартып кеткен малды ал төлөбөйт.
14
Эгерде кимдир бирөө өз жакынынын малын пайдаланганга алса, ал мал ээси жокто майып болсо же өлүп калса, анда ал төлөп берсин.
15
Эгерде малдын ээси жанында болсо, анда ал төлөбөйт. Эгерде малды акысын берип жалдап алса, анда ошол акы жалданган малдын ордуна эсептелсин.
16
Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын.
17
Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн.
18
Балчы-сыйкырчыларды тирүү калтырба.
19
Мал менен жанашкан адам өлүм жазасына тартылсын.
20
Теңирден башка кудайларга курмандык чалгандар жок кылынсын.
21
Келгинди кысымга алба, кордобо, анткени силер өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.
22
Жесирди да, жетимди да кысымга алба.
23
Эгерде аларды кысымга алып кордосоң, алар Мага боздоп кайрылышат. Ошондо Мен алардын ыйын угам.
24
Мен каарданып, силерди кылычтап кырам, аялыңар жесир, балдарыңар жетим калат.
25
Эгерде сен Менин элимдин жардыларына карызга акча берсең, анда аны кысымга алып, үстөк кошуп алба.
26
Эгерде жакыныңдын кийимин күрөөгө алсаң, күн батканча кайрып бер.
27
Анткени ал кийим – анын жалгыз жамынчысы, ал – анын денесин жаба турган кийими. Ал эмнени кийип жатат? Ал Мага ыйлап кайрылганда, Мен угам, анткени Мен боорукермин.
28
Кудайга акарат келтирбе, өз элиңдин башчыларына тил тийгизбе.
29
Эгиниңдин биринчи түшүмүн, жүзүмүңдүн биринчи ширесин Мага кечиктирбей алып кел, уулдарыңдын ичинен тунун Мага бер.
30
Бодо малыңдын да, коюңдун да биринчи төлүн Мага бер. Жети күн алар өз энелеринин жанында болсун, сегизинчи күнү аларды Мага бер.
31
Ошондо силер Менин ыйык элим болосуңар. Талаадан жырткыч жара тартып кеткен малдын этин жебегиле. Аны иттерге ыргытып жибергиле.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40