bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 15
Exodus 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 16 →
1
Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды ырдашты: «Теңирге ырдаймын, анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү.
2
Теңир менин сепилим, мактоо ырым, Ал мени куткарды. Ал менин Кудайым, Аны даңктаймын. Ал – атамдын Кудайы, Аны даңазалаймын.
3
Теңир – майдан жоокери, Жахаба – Анын ысымы.
4
Фараондун майдан арабаларын, аскерин деңизге чөктүрдү, тандалган аскер башчылары Кызыл деңизге чөгүп өлүштү.
5
Аларды суу басып калды, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү.
6
Теңир, Сенин оң колуң даңкталды. Сенин оң колуң душманды талкалады.
7
Өзүңө каршы чыккандарды Өзүңдүн даңкыңдын улуулугу менен кыйраттың. Сенин каарың аларды саман сыяктуу өрттөп жиберди.
8
Теңир, Сенин демиңен деңиз эки жакка тартылды, суу көтөрүлүп, дубалдай болуп калды, айлампалар деңиздин ортосунда токтоп калды.
9
Душман: “Сая кууп жетем, олжону бөлүп алам, олжого тунам, кылычымды кынынан сууруп алып, аларды өз колум менен кырам”, – деди.
10
Сен үйлөгөндө, аларды деңиз басып калды, коргошун сууга чөккөндөй, алар чоң сууга чөгүп өлүштү.
11
Теңир, кудайлардын ичинде Сендей ким бар? Ыйыктыгы менен улуу, мактоого татыктуу, кереметтерди жаратуучу Сендей ким бар?
12
Сен Өзүңдүн оң колуңду сунганда, аларды жер жутуп кетти.
13
Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа Өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың.
14
Элдер угуп, титиреп жатышат: Пелиштинин тургундарын коркунуч басты.
15
Эдом төрөлөрү дүрбөлөңгө түшүштү, Мааптын жол башчылары калтырап коркушту, Канаандын бүт тургундарынын көңүлү чөктү.
16
Аларды чоң коркунуч бассын. Теңир, Өз элиң, Өзүң жараткан элиң өтүп кеткенче, алар Сенин улуу күчүңдөн таштай катып калышсын.
17
Теңирим, Сен Өз элиңди Өзүңдүн улуу тооңо, Сен Өзүң турак жай кылып алган жерге, Эгедерим, Өзүң жасаган ыйык жерге алып барып жайгаштыр!
18
Теңир кылымдан кылымга, түбөлүккө падышачылык кылат!
19
Фараондун аттары менен майдан арабалары жана атчан аскерлери деңизге киргенде, Теңир аларды карай деңиз суусун бурду, ал эми Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти».
20
Арундун карындашы, пайгамбар аял Мириям, колуна дап алды. Бүт аялдар дап кагып, шаттанып, анын артынан чыгышты.
21
Ошондо Мириям алардын алдында: «Теңирге ырдагыла. Анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү», – деп ырдады.
22
Муса ысрайылдыктарды Кызыл деңизден алып чыкты. Алар Шур чөлүнө келишти. Чөлдө үч күн жол жүрүштү, ичкенге суу таппай коюшту.
23
Анан Марага келишти, бирок ал жердин суусун иче албай коюшту, анткени ал суу ачуу болчу. Ошондуктан ал жер Мара деп аталып калган.
24
Ошондо эл Мусага: «Эмне ичебиз?» – деп наалыды.
25
Муса Теңирге боздоп кайрылды, ошондо Теңир ага бир жыгачты көрсөттү. Муса аны сууга ыргытканда, суу таттуу болуп калды. Ошол жерде Кудай элге мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн берип, ошол жерде элдин ишенимин сынады.
26
Теңир аларга мындай деди: «Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, Анын алдында Ага жаккан иштерди жасасаң, Анын осуяттары менен мыйзамдарын аткарсаң, анда Мен Мисирдин башына салган илдеттердин бирин да сага жолотпойм, анткени Мен сени айыктыруучу Теңирмин».
27
Анан Ысрайыл уулдары Эйлим деген жерге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле. Алар суулардын боюна станы менен жайланышты.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40