bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 36
Exodus 36
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 37 →
1
Бетселел менен Алыйап жана Теңир акылмандык берген акылман адамдардын баары Теңир буйругандай иштей башташты. Теңир аларга ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон акылмандыкты жана түшүнүктү берди.
2
Анан Муса Теңир акылмандык берген Бетселел менен Алыйапты, бардык акылман адамдарды, жүрөгү бул жумушка тартылгандарды чакырды.
3
Алар ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон, Ысрайыл уулдары алып келген тартуулардын баарын Мусанын колунан алышты. Ошол эле учурда күн сайын эртең менен тартуулар үзүлбөй келип жатты.
4
Ошондо ыйык жайда иштеп жаткан акылман адамдардын бардыгы өз иштерин токтотуп,
5
Мусага келип: «Теңир буйруган жумуштар үчүн керек болгон нерселерди эл ашыкча алып келип жатышат», – дешти.
6
Ошондо Муса буйрук берди. Анын мындай буйругу станда жарыяланды: «Эркектер да, аялдар да ыйык жайга эми эч кандай тартуу алып келишпесин». Ошондон кийин эл тартуу алып келүүнү токтотту.
7
Жумушка керектүү нерселердин баары жетип, атүгүл, артып да калды.
8
Жыйын чатырында иштеген акылман адамдар чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн он жабуу жасап, аларга чеберчилик менен керуптарды түшүрүштү.
9
Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак. Бардык жабуулар бирдей өлчөмдө эле.
10
Бетселел биринчи беш жабууну бири-бирине бириктирди, экинчи беш жабууну да бири-бирине бириктирди.
11
Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган жерине ачык көк жиптен илмек, ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жасады.
12
Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады, экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жерине да элүү илмек жасады. Илмектер бири-бирине дал келди.
13
Анан элүү алтын илгич жасап, илгичтер менен жабууларды бири-бирине бириктирди. Ошондо жыйын чатыры бир бүтүн чатыр болуп калды.
14
Анан жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, эчкинин тыбытынан жабуу жасады. Андай жабуудан он бирди жасады.
15
Ар бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болду. Бул он бир жабуунун өлчөмү бирдей болду.
16
Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктирди.
17
Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек, алты жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады.
18
Бир бүтүн жабуу болушу үчүн, жабууларды бири-бирине бириктиргенге элүү жез илгич жасады.
19
Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жасады, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жасады.
20
Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан тикесинен коюла турган төрт кырдуу устундарды жасады.
21
Ар бир устундун узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.
22
Ар бир устунга экиден, бири-бирине тушташ шакектерди жасады. Бардык устундарды ушундай жасады.
23
Жыйын чатырынын түштүк тарабына ушундай устундан жыйырманы жасашты.
24
Жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жасашты. Ар бир устундун астына экиден таканыч.
25
Жыйын чатырынын түндүк тарабына жыйырма устун жасады.
26
Бардыгы болуп кырк күмүш таканыч жасады. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч,
27
ал эми жыйын чатырынын арт жагына, батыш жагына алты устун жасады.
28
Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчу үчүн эки устун жасады.
29
Ал эки устунду ылдый жагынан бекитип, өйдө жагынан бир шакекке бекитти. Эки бурчуна эки устунду ушундай кылып орнотту.
30
Ушул сегиз устун үчүн он алты күмүш таканыч жасады, ар бир устундун астына экиден таканыч болду.
31
Акация жыгачынан шыргый жасады. Жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,
32
экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы устундар үчүн беш шыргый жасады.
33
Устундардын дал ортосунан өтө турган шыргыйды бир башынан экинчи башына жете тургандай кылып жасады.
34
Устундарды алтын менен каптады, шыргыйлар киргизилүүчү шакектерди да алтындан жасады, шыргыйларды да алтын менен каптады.
35
Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жасап, ага чеберчилик менен керуптарды түшүрүдү.
36
Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан төрт мамы жасап, аларды алтын менен каптап, алтын илгичтерди такты. Мамылардын астына күмүштөн төрт таканыч куйду.
37
Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан жыйын чатырынын кире беришине саймалуу көшөгө жасады.
38
Ал көшөгө үчүн илгичтери бар беш мамы жасап, алардын үстүн жана аларды бириктирген шырыктарды алтын менен каптады. Мамылардын астына жезден беш таканыч куйду.
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 37 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40