bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 27
Exodus 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 28 →
1
Акация жыгачынан узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон төрт бурчтуу курмандык чалынуучу жай жаса.
2
Анын төрт бурчундагы төрт мүйүздү да өзүнөн чыгар, аны жез менен капта.
3
Күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды жана чок салгычтарды жаса. Ага тиешелүү нерселердин бардыгын жезден жаса.
4
Жезден арчындап тор жаса, анын төрт бурчуна жезден төрт шакек жаса.
5
Ал тор курмандык чалынуучу жайдын ичиндеги тегерете чыгып турган кырдын астына коюлуп, курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп турсун.
6
Курмандык чалынуучу жайга акация жыгачынан шыргыйларды жаса. Аларды да жез менен капта.
7
Шыргыйларды шакектерге киргизип кой, курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, алар анын эки жагында болсун.
8
Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жаса. Аны Мен сага тоодо көрсөткөндөй кылып жасашсын.
9
Жыйын чатырынын короосун мындай жаса: короонун түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан жабууларды жаса, узундугу жүз чыканак болсун.
10
Ал жабуулар үчүн жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.
11
Короонун түндүк тарабындагы жабуулардын узундугу жүз чыканак болсун. Алар үчүн да жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.
12
Короонун батыш тарабындагы, туурасындагы жабуулары элүү чыканак болсун. Алар үчүн он мамы, алардын астына он таканыч жаса.
13
Короонун чыгыш тарабындагы, туурасындагы алдыңкы жабуулары элүү чыканак болсун.
14
Короонун бир тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.
15
Короонун экинчи тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.
16
Ал эми короонун эшиги үчүн жасала турган көшөгө жыйырма чыканак болсун. Ал ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү ийрилген жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалсын. Ал үчүн төрт мамы, анын астына төрт таканыч жаса.
17
Короону айланта курчаган бардык мамылар күмүш шырыктар менен бириктирилсин. Алардын илгичтери күмүштөн, ал эми таканычтары жезден жасалсын.
18
Короонун узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги беш чыканак болсун. Жабуулары чыйратылган зыгыр буласынан, ал эми мамылардын таканычтары жезден болсун.
19
Жыйын чатырынын ар кандай жумуштарында колдонула турган нерселердин баары жана жыйын чатырынын, короонун бардык казыктары жезден жасалсын.
20
Анан Ысрайыл уулдарына буйрук бер, чырактан дайыма күйүп турушу үчүн, алар сага таза зайтун майынан алып келип турушсун.
21
Арун жана анын уулдары жыйын чатырындагы келишим сандыгы турган көшөгөнүн сыртында, Теңирдин алдында кеч киргенден таң атканга чейин ал май менен чырактанды күйгүзүп турушат. Бул мыйзам Ысрайыл уулдарынан алардын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40