bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 25
Exodus 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 26 →
1
Теңир Мусага мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдарына айт, алар Мага курмандыктарын алып келишсин. Ар бир адамдын чын жүрөктөн берген курмандыгын Мага алып келгиле.
3
Силер алардан ала турган тартуулар булар: алтын, күмүш жана жез,
4
ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөр, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты,
5
кызылга боёлгон кой терилери, деңиз жаныбарынын терилери, акация жыгачы,
6
чырактан үчүн зайтун майы, майлоочу май үчүн жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттар,
7
ыйык кызмат кылуучунун эфодуна, төш чөнтөгүнө салынуучу оникс ташы жана башка асыл таштар.
8
Мага арнап ыйык жай курушсун, Мен алардын арасында жашайм.
9
Жыйын чатырын, анын бардык идиштерин Мен сага көрсөтүп жаткан үлгү боюнча жасагыла.
10
Акация жыгачынан таш лооктор салынуучу келишим сандыгын жасагыла. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болсун.
11
Анын ичи-тышын таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
12
Ал сандык үчүн алтындан төрт шакекче куюп, аларды ылдыйкы төрт бурчуна бекит: эки шакекти бир жагына, эки шакекти экинчи жагына бекит.
13
Акация жыгачынан эки шыргый жасап, аларды алтын менен капта.
14
Ал шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакекчелерге киргизип кой, сандыкты ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.
15
Сандыктын шакекчелерине шыргыйлар киргизилип турсун жана андан чыгарылбасын.
16
Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.
17
Капкагын да таза алтындан жаса. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.
18
Алтындан эки керуп чегип жасап, аларды сандыктын капкагынын эки четине орнот.
19
Бир керупту бир четине, экинчи керупту экинчи четине орнот, алар капкактын эки четинен чыгып турсун.
20
Ал керуптардын канаттары капкакты жаап тургудай болуп, жогору жайылып турсун. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турсун.
21
Капкакты келишим сандыгынын үстүнө кой. Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.
22
Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам.
23
Анан акация жыгачынан үстөл жаса, анын узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, ал эми бийиктиги бир жарым чыканак болсун.
24
Аны таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
25
Анын капталдарына алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
26
Ал үстөл үчүн алтындан төрт шакекче жасап, аларды үстөлдүн төрт бурчундагы төрт бутуна бекит.
27
Үстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, анын капталдарында шыргый кийгизиле турган шакекчелер болсун.
28
Ал шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен капта, үстөлдү ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.
29
Ал үстөл үчүн табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, кумгандарды жана чөйчөктөрдү жаса. Алардын баарын таза алтындан жаса.
30
Дайыма Менин алдымда болушу үчүн, ал үстөлгө нан тартууларын коюп тур.
31
Анан таза алтындан чырактан жаса. Ал чырактан чегилип жасалсын. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыксын.
32
Анын эки капталынан алты бутак чыгып турсун: бир капталынан үч бутак, экинчи капталынан үч бутак.
33
Бир бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен, экинчи бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен болсун. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары ошондой болсун.
34
Ал эми чырактандын өзөгүндө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө мөмөчөлөрү жана гүлдөрү менен болсун.
35
Өзөктөн чыгып турган алты бутактын экөөнүн астында да, экинчи экөөнүн астында да, үчүнчү эки бутактын астында да мөмөчө болсун.
36
Мөмөчөлөрү менен бутактары анын өзүнөн чыгып турсун. Ал бүт бойдон таза алтындан чегилип жасалсын.
37
Ага жети чырак жаса, алды жагына жарык бере тургандай кылып, аларды чырактандын үстүнө орнот.
38
Анын кычкачтары менен чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жаса.
39
Чырактанды жана ага тиешелүү нерселердин баарын бир талант таза алтындан жаса.
40
Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса.
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40