bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 35
Exodus 35
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 36 →
1
Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогултуп, аларга мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:
2
“Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн силер үчүн ыйык күн болсун. Ал күн – Теңирге арналган эс алуу күнү. Ким ал күнү жумуш кылса, өлүм жазасына тартылат.
3
Ишемби күнү эч кимиңер үйүңөргө от жакпагыла”».
4
Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына дагы мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:
5
Ар ким өз атынан, өз ыктыяры менен Теңирге алтын, күмүш, жез,
6
ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүн, зыгыр буласын, эчкинин тыбытын,
7
кызылга боёлгон кой терилерин, деңиз жаныбарынын терилерин, акация жыгачтарын,
8
чырактан үчүн зайтун майын, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды,
9
эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды тартуу кылсын.
10
Араңардагы акылмандардын баары келип, Теңирдин буйругандарын аткарышсын:
11
жыйын чатырын, анын жабуусун, эң үстүнкү жабуусун, илгичтери менен устундарын, шыргыйлары менен мамыларын жана таканычтарын,
12
келишим сандыгын, анын шыргыйларын, капкагын жана бөлүп турган көшөгөнү,
13
үстөлдү, анын шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,
14
жарык берүүчү чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, анын чырактарын, күйгүзө турган зайтун майын,
15
жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, анын шыргыйларын, майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды, жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,
16
курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,
17
короонун жабууларын, анын мамыларын жана таканычтарын, короонун эшигиндеги көшөгөнү,
18
жыйын чатырынын казыктары менен короонун казыктарын жана алардын аркандарын,
19
ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин даярдашсын».
20
Анан Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Мусанын жанынан кетишти.
21
Бул ишке жүрөгү тарткандардын бардыгы, өз каалоосу менен бергиси келгендердин бардыгы жыйын чатырын орнотуш үчүн, анын бардык керектөөлөрү үчүн жана ыйык кийимдер үчүн Теңирге арнаган тартууларын алып келишти.
22
Күйөөлөрү аялдары менен келишти, бардыгы өз каалоолору менен шакектерин, сыргаларын, асыл таштуу шакектерин, чынжырларын жана ким алтын буюмдарын арнагысы келсе, аларды Теңирге арнап алып келишти.
23
Кимдин ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүнү, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты, кызылга боёлгон кой териси, деңиз жаныбарынын териси бар болсо, ошолорду алып келип жатышты.
24
Ким күмүш же жез бергиси келсе, аны Теңирге арнап алып келди. Кимдин акация жыгачы болсо, аны да жыйын чатырынын ар кандай керектөөсү үчүн берди.
25
Акылман аялдар ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан өз колдору менен ийирген түрмөк жиптерин алып келишти.
26
Бул ишке жүрөгү тарткан, жип ийиргенди билген аялдар эчкинин тыбытынан жип ийиришти.
27
Төрөлөр болсо эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды,
28
ошондой эле жыпар жыттуу заттарды, чырактанды күйгүзүүчү майды, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды алып келип жатышты.
29
Ошентип, Ысрайыл уулдарынын эркектери менен аялдары Теңирдин Муса аркылуу жасоого тапшырган бардык иштеринин кайсынысына жүрөгү тартса, ошол иш үчүн, Теңирге өз ыктыярлары менен тартуу алып келип жатышты.
30
Муса Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Билип алгыла, Теңир Жүйүт уруусунан Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындады.
31
Аны Кудайдын Рухуна толтурду, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик, ар кандай өнөр берди,
32
алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,
33
оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду жана ар кандай көркөмдөө иштерин кылганды үйрөттү.
34
Теңир Бетселелдин жана Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйаптын жүрөгүнө башкаларды да үйрөтүү жөндөмдүүлүгүн салды.
35
Теңир аларга акылмандык берип, таш чеккичтин бардык иштерин, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан кездеме токуган токуучунун жана чебер саймачынын ишин үйрөттү. Ошондой эле чеберчилик менен кездеме токуганды билген токуучунун бардык иштерин үйрөттү».
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 36 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40