bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 2
Exodus 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 3 →
1
Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды.
2
Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү.
3
Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илээшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп койду.
4
Эмне болор экен деп, баланын эжеси алыстан карап турду.
5
Ошол убакта фараондун кызы сууга түшкөнү дарыяга келди. Анын нөкөр кыздары дарыя жээктеп жүрүшкөн эле. Фараондун кызы камыштын арасындагы себетти көрүп, аны алып келүүгө күңүн жиберди.
6
Ал себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду.
7
Баланын эжеси фараондун кызына: «Мен барып, эврей аялдарынан баланы эмизип багып бере турган аялды чакырып келейинби?» – деди.
8
Фараондун кызы ага: «Барып кел», – деди. Кыз барып, баланын энесин чакырып келди.
9
Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, мага багып бер. Акысын төлөп берем», – деди. Аял баланы алып, бага баштады.
10
Бала чоңойгондо, аял аны фараондун кызына алып келди. Ал аны бала кылып алды. «Мен аны суудан чыгарып алгам», – деп, баланын атын Муса койду.
11
Арадан көп убакыт өтүп, Муса чоңоюп эр жеткенден кийин, өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды.
12
Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды.
13
Эртеси күнү эки эврейдин чатакташып жатканын көрүп, кордоп жатканына: «Эмне үчүн бир тууганыңды уруп жатасың?» – деди.
14
Ал болсо: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» – деди. Ошондо Муса: «Чын эле, бул жөнүндө билип калышкан турбайбы», – деп, коркуп кетти.
15
Фараон бул жөнүндө укканда, Мусаны өлтүргүсү келди. Бирок Муса фараондон Мидиан жерине качып барып, кудуктун жанына отурду.
16
Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызы бар эле. Алар атасынын койлорун сугарыш үчүн, кудукка келип, суу сузуп алып, аштоолорго суу толтуруп жатышкан.
17
Аңгыча койчулар келип, аларды кууп жиберишти. Ошондо Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди.
18
Кыздары атасы Ребуелге келишкенде, атасы алардан: «Бүгүн эмне эрте келдиңер?» – деп сурады.
19
Алар ага: «Мисирлик бир киши бизди койчулардан коргоп калды. Атүгүл, кудуктан суу сузуп, койлорубузду сугарып берди», – дешти.
20
Ошондо ал кыздарына: «Ал кайда? Эмне үчүн аны таштап келдиңер? Барып, чакырып келгиле, тамак ичсин», – деди.
21
Мусага ал кишинин үйүндө жашоо жагып калды. Ал киши Мусага Сипор деген кызын берди.
22
Сипор уул төрөдү. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса ага Гейиршом деген ат койду.
23
Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, Мисир падышасы өлдү. Ысрайыл уулдары оор жумуштан кыйналып, боздоп ыйлап жатышты, алардын боздогон үнү Кудайга жетти.
24
Кудай алардын ыйын угуп, Өзүнүн Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишимин эстеди.
25
Кудай Ысрайыл уулдарын көрүп, аларга назарын салды.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40