bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 3
Exodus 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 4 →
1
Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди.
2
Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.
3
«Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал.
4
Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.
5
Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.
6
Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту.
7
Теңир мындай деди: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем.
8
Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим.
9
Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам.
10
Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык».
11
Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди.
12
Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди.
13
Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди.
14
Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу Өзү жиберди деп айт», – деди.
15
Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым.
16
Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын көрдүм.
17
Мен силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сүт менен бал аккан жерге алып барам»”.
18
Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасың: “Теңир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы”.
19
Мисир падышасын зор күч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем.
20
Мен Өзүмдүн күчүмдү колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коё берет.
21
Мен бул элге мисирликтердин көз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсиңер.
22
Ар бир эврей аял мисирлик коңшусунан жана үйүндө жашаган мисирлик аялдардан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уул-кыздарыңарга кийгизесиңер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар».
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40