bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 1
Proverbs 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 2 →
1
Ысрайыл падышасы Дөөттүн уулу Сулаймандын накыл сөздөрү.
2
Бул сөздөр акылмандыкка жетиш үчүн, акыл-насаатты угуш үчүн, накыл кептерди түшүнүш үчүн,
3
эстүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, соттун, чындыктын эрежелерин өздөштүрүш үчүн,
4
жөнөкөйлөргө зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк бериш үчүн жазылган.
5
Бул сөздөргө акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат.
6
Ошондо ал накыл сөздөрдү, нуска кептерди, даанышмандардын сөздөрүн жана табышмактарын түшүнөт.
7
Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек көрүшөт.
8
Уулум, атаңдын акыл-насаатын ук, энеңдин кеңешин четке какпа.
9
Анткени бул – башыңа кооз таажы, мойнуңа мончок.
10
Уулум! Эгерде сени күнөөкөрлөр азгырса, макул болбо.
11
Эгерде алар мындай дей турган болсо: «Жүр биз менен, киши өлтүрүш үчүн буктурма коёбуз, айыпсыз, таза адамды аңдыйбыз,
12
аларды өлгөндөр жаткан жай жуткансып, тирүүлөй жутуп алабыз, көргө түшкөндөргө окшотуп, бүкүлү жутуп алабыз.
13
Ар кыл асыл буюмдарды жыйып алабыз, үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.
14
Биз менен бирге өкчөмө таш ыргытасың, баарыбыздын казынабыз бир болот!»
15
Уулум! Аларга кошулба, алардын жолуна түшпө.
16
Анткени алардын буттары кыянаттык кылууга чуркайт, кан төгүүгө шашат.
17
Канаттуулардын көзүнчө тор жаюу бекер,
18
алардын канын төгүш үчүн буктурма коюшат, алардын жанын алыш үчүн аңдып турушат.
19
Бирөөнүн байлыгына көз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот: тартып алган байлыгы аны өмүрүнөн ажыратат.
20
Акылмандык көчөлөрдө жар салып жүрөт, аянттарда угуза сүйлөп жатат,
21
көп эл чогулган жерлерде жар салып, шаар дарбазасынын кире беришинде мындай деп сүйлөп жатат:
22
«Түркөйлөр, качанга чейин түркөйлүктү жакшы көрө бересиңер? Шылдыңчылдар качанга чейин өздөрүнүн шылдыңдоолоруна маашырлана беришет? Акылсыздар качанга чейин билимди жек көрүшөт?
23
Мен ашкерелеп жатам, көңүл бургула: мына, мен силерге өз рухумду төгөм, өз сөзүмдү жарыя кылам.
24
Мен силерди чакырдым, бирок силер укпай койдуңар. Силерге колумду сундум, бирок силер көңүл бурбай койдуңар.
25
Менин кеңештеримдин бардыгын четке кактыңар, ашкере кылганымды кабыл албай койдуңар.
26
Ошон үчүн мен да силердин өлүмүңөргө күлөм, башыңарга мүшкүл түшкөндө сүйүнөм.
27
Силерди коркунуч бороондой каптаганда, кырсык бурганактай басканда, башыңарга кайгы жана кыйынчылык келгенде,
28
мени чакырасыңар, бирок мен силерди укпайм. Мени таң заардан издейсиңер, бирок таппайсыңар.
29
Анткени алар билимди жек көрүштү, Теңирден коркууну тандап алышкан жок.
30
Менин кеңештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек көрүштү.
31
Ошон үчүн алар өздөрүнүн жолунун жемиштеринен жешет, өздөрүнүн ойлорунун жемишине тоюшат.
32
Анткени наадандарды өжөрлүгү өлтүрөт, акылсызды камырабастыгы өлтүрөт.
33
Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат».
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31