bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 8
Proverbs 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 9 →
1
Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Акыл үнүн бийик чыгарып жаткан жокпу?
2
Ал бийик жерлерге, жолдорго, жол тоомдоруна туруп алып чакырып жатат.
3
Ал шаардын дарбазасынын жанына, шаардын кире беришине туруп алып чакырып жатат:
4
«Адамдар, мен силерге чакырык салып жатам. Менин үнүм адам баласына!
5
Эси жоктор, эстүү болгула, акылы жоктор, акылдуу болгула!
6
Уккула, анткени мен маанилүү сөз айтам, менин оозумдан чыккан сөз чындык.
7
Анткени менин тилим чындыкты сүйлөйт, жаман сөздөрдү сүйлөгөндөн оозум жийиркенет.
8
Менин оозумдан чыккан сөздүн бардыгы адилет, анда жалган да, анткорлук да жок.
9
Булардын бардыгы акылдуулар үчүн айкын, билимге ээ болгондор үчүн адилет.
10
Күмүштү эмес, менин окутуумду кабыл алгыла, тандамал алтындан билим артык.
11
Анткени акылмандык берметтен артык, ага адам каалаган нерселердин эч бири тең келбейт.
12
Мен, акылмандык, акыл менен чогуу жашайм, туура билимди издейм.
13
Теңирден коркуу – жамандыкты жек көрүү. Текебердикти, менменсингендикти, кыянат жолду, жалган оозду мен жек көрөм.
14
Менде кеңеш менен чындык бар; мен акылмын, менде күч бар.
15
Падышалар менин жардамым менен бийлик кылышат, өкүмдарлар менин жардамым менен чындыктын негизинде мыйзам чыгарышат.
16
Башчылар да, төрөлөр да, жер жүзүндөгү башкаруучулар да менин жардамым менен башкарышат.
17
Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм, мени издегендер мени табышат.
18
Байлык да, даңк да, жок болбой турган казына да, чындык да менде.
19
Менин жемишим алтындан, эң таза алтындан артык, тандамал күмүшкө караганда менден пайда көп.
20
Мен чындыктын жолу менен, адилеттиктин жолу менен жүрөм.
21
Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем, алардын казыналарын толтурам.
22
Теңир мени Өзүнүн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан.
23
Мен кылымдар мурун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам.
24
Мен түпсүз туңгуюктар жарала электе эле, суусу мол булактар жарала электе эле төрөлгөм.
25
Мен тоолор орнотула электе эле, адырлар жаратыла электе эле төрөлгөм.
26
Теңир жерди да, талааларды да, ааламдын алгачкы чаңчаларын да жарата электе эле төрөлгөм.
27
Теңир асманды даярдай баштаганда, мен ошол жерде болчумун. Ал түпсүз туңгуюктардын үстүнөн тегерете сызык жүргүзүп жатканда,
28
асманга булуттарды орнотуп жатканда, түпсүз туңгуюк булактарын бекемдеп жатканда,
29
суулар чегинен ашып кетпесин деп, деңизге мыйзам берип жатканда, жердин негизин орнотуп жатканда,
30
мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым кубанып турчумун.
31
Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон.
32
Ошентип, балдарым, мени уккула. Менин жолумду сактагандар бактылуу!
33
Акыл-насааттарды угуп, акылдуу болгула, четке какпагыла.
34
Ар күнү менин дарбазамдын жанында сергек болуп, эшигимдин алдында сакчылыкта туруп, мени уккан адам бактылуу!
35
Анткени мени тапкан адам өмүрдү тапты, ал Теңирден ырайым табат.
36
Ал эми мага каршы күнөө кылган адам өз жанына зыян келтирет, мени жек көргөндөрдүн бардыгы өлүмдү жакшы көрүшөт».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31