bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 23
Proverbs 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 24 →
1
Өкүмдар менен бир дасторконго отуруп калсаң, ким менен отурганыңды унутпа.
2
Эгерде тамаксоо болсоң, кекиртегиңди тый.
3
Анын таттуу тамактарына азгырылба, анткени ал – алдамчы тамак.
4
Байлык жыйнаш үчүн түйшүк тартпа, мындай ойлоруңду ташта.
5
Сен ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет.
6
Сараң кишинин колунан тамак жебе, анын таттуу тамактарына азгырылба.
7
Анткени анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой, ал сага: «Ич, же», – дей берет, бирок жүрөгү сени менен эмес.
8
Жеген бир кесимиңди кайра кусасың, жакшы сөздөрүңдү текке кетиресиң.
9
Акылсыздын кулагына сүйлөбө, анткени ал сенин акылдуу сөздөрүңдү жек көрөт.
10
Мурунку чек араны жылдырба, жетимдин талаасына кирбе.
11
Анткени алардын Коргоочусу күчтүү, Ал сага каршы чыгып, аларга болушат.
12
Жүрөгүңдү билимге кой, кулагыңды акылдуу сөздөргө төшө.
13
Баланы жазасыз калтырба, чыбык менен жазалагандан ал өлбөйт.
14
Чыбык менен жазалап, жанын өлгөндөр жаткан жайдан сактап каласың.
15
Уулум! Эгерде сенин жүрөгүң акылдуу болсо, анда менин жүрөгүм да кубанат.
16
Сенин оозуңдан туура сөздөр чыкканда, ички дүйнөм кубанат.
17
Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын, тескерисинче, жүрөгүң бардык күндөрдө Теңирден коркуп турсун.
18
Анткени келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.
19
Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жүрөгүңдү түз жолго бур.
20
Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо.
21
Анткени ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет.
22
Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө.
23
Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-эсти сатпа.
24
Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн кубанат.
25
Атаң кубансын, төрөгөн энең сүйүнсүн.
26
Уулум! Жүрөгүңдү мага бер, көзүң менин жолдорумду карап турсун.
27
Анткени бузулган аял – терең аң, ошондой эле бирөөнүн аялы – тар кудук.
28
Бузулган аял каракчыдай болуп буктурмада отуруп алып, эл арасында мыйзамды бузгандарды көбөйтөт.
29
Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким?
30
Алар – керээли-кечке шарап ичип отургандар, алар – күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр.
31
Шараптын кызарганына, чөйчөктө көбүргөнүнө, мелтирегенине караба.
32
Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат.
33
Башка бирөөнүн аялын карайсың, жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт.
34
Ошондо деңиздин ортосунда, кеменин үстүндө уктап жаткан адамдай болосуң.
35
Ошондо сен: «Мени сабашты, бирок эч жерим ооруган жок, мени түрткүлөштү, бирок эч нерсе сезген жокмун. Ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм», – деп айтасың.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31