bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 24
Proverbs 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 25 →
1
Жаман адамдарга көз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.
2
Анткени алардын жүрөгү зордук-зомбулук жөнүндө ойлойт, тили жамандык жөнүндө сүйлөйт.
3
Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.
4
Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мүлккө билгичтик менен толтурулат.
5
Акылдуу адам күчтүү, даанышман адам өзүнүн күч-кубатын чыңдайт.
6
Ошондуктан согушту ойлонуп жүргүз. Көп кеңеш ийгиликке жеткирет.
7
Акылмандык акылсыз адам үчүн өтө бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.
8
Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.
9
Акылсыз адамдын ою – күнөө, шылдыңчыл адам адамдар үчүн жийиркеничтүү.
10
Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз.
11
Өлүмгө кыйылгандарды куткар. Өлүмгө өкүм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасың?
12
Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыңбы? Эмне, жүрөктөрдү Сыноочу билбейт бекен? Сенин жүрөгүңдү Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.
13
Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы таңдайыңан кетпеген балды да же.
14
Акылмандыкты таанып билүү да сенин жаныңа дал ошондой жагымдуу. Эгерде аны тапкан болсоң, анда келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.
15
Мыйзамсыз, адил адамдын үйүнө жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.
16
Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, өлүмгө дуушар болушат.
17
Душманың кулаганда сүйүнбө, ал мүдүрүлгөндө жүрөгүң кубанбасын.
18
Анткени муну Теңир көрөт, бул Ага жакпайт, Ал Өзүнүн ага болгон каарын токтотуп коёт.
19
Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга көз артпа.
20
Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы өчөт.
21
Уулум, Теңирден жана падышадан корк, козголоңчулар менен байланышпа.
22
Анткени Теңир менен падышадан өлүм күтүлбөгөн жерден келет, экөөнөн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?
23
Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.
24
Күнөөкөргө: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек көрөт.
25
Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы көрөт, алар бата алышат.
26
Туура жооп ооздон өпкөндөй.
27
Адегенде үйүңдөн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан үйүңдү кур.
28
Жакыныңа жалган күбө болбо. Жалган сүйлөп эмне кыласың?
29
«Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.
30
Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жүзүмзарынын жанынан өттүм.
31
Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.
32
Муну көрүп, жүрөгүмдү өзгөрттүм, муну көрүп, өзүмө сабак алдым:
33
«Бир аз уктай турсаң, бир аз үргүлөп жата турсаң, бир аз колуңду бооруңа алып жата турсаң,
34
жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31