bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 25
Proverbs 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 26 →
1
Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү.
2
Кудайдын даңкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын даңкы – ишти изилдөө.
3
Асмандын бийиктиги, жердин тереңдиги жана падышалардын жүрөгү изилденгис.
4
Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.
5
Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.
6
Падышалардын алдында өзүңдү жогору көтөрбө, улуу адамдардын ордуна турба.
7
Анткени сени көзүң көргөн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден көрө, сага: «Кел бул жерге, жогору өт», – деп айтышканы жакшы.
8
Талашып-тартышканга шашпа, атаандашың маскара кылса эмне болот?
9
Атаандашың менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши үчүн,
10
бирөөнүн жашыруун сырларын ачпа, болбосо өмүр бою маскара болуп өтөсүң.
11
Орундуу сөз – жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма.
12
Акылдуу ашкерелөөчү – көңүл коюп уккан кулак үчүн алтын сөйкө жана таза алтындан жасалган жасалга.
13
Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдүү элчи аны жиберген адам үчүн ошондой. Ал мырзасынын жүрөгүн кубантат.
14
Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.
15
Момундук төрөнү ырайым кылууга түртөт, жумшак тил сөөктү сындырат.
16
Сен бал таап алдыңбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсаң, кусасың.
17
Досуңдун үйүнө кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек көрүп калат.
18
Жакынына каршы жалган күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.
19
Башка мүшкүл түшкөн күнү ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.
20
Кайгылуу жүрөккө ырдоо суук күнү бирөөнүн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.
21
Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.
22
Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет.
23
Түндүктөн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сөзү нааразы жүздөрдү туудурат.
24
Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.
25
Алыскы өлкөдөн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.
26
Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.
27
Балды көп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-даңк – атак-даңк эмес.
28
Өз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31