bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 21
Proverbs 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 22 →
1
Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат.
2
Адамдын бардык жолу өзүнө түз көрүнөт, бирок жүрөктү Теңир салмактайт.
3
Курмандык чалганга караганда, акыйкаттык менен чындыкты сактоо Теңирге көбүрөөк жагат.
4
Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер көз менен менменсинген жүрөк – күнөө.
5
Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат.
6
Жалган тил менен тапкан байлык – бат тараган буу, андай байлыкка умтулгандар өздөрүнө өлүм издешет.
7
Мыйзамсыздардын зордук-зомбулугу өздөрүнүн башына түшөт, анткени алар акыйкаттыкты сактоодон баш тартышты.
8
Бузулган адам терс жолдо жүрөт, ал эми таза адам туура иш кылат.
9
Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.
10
Мыйзамсыздын жаны кыянаттыкты жакшы көрөт, ал өз досуна да ырайым кылбайт.
11
Шылдыңчыл адам жазаланганда, жөнөкөй адам акылдуу болуп калат; акылдуу адам насаат укканда, билими дагы көбөйөт.
12
Адил адам мыйзамсыздын үйүн карап, анын жамандыкка кабылганын көрөт.
13
Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт.
14
Жашыруун берилген белек ачууну басат, жең ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат.
15
Акыйкаттыкты сактоо – адил адам үчүн кубаныч, кыянаттык кылгандар үчүн коркунуч.
16
Түз жолдон чыккан адам өлгөндөргө кошулат.
17
Оюн-күлкүнү жакшы көргөн адам жакырданат, ал эми шарап менен майды жакшы көргөн адам эч качан байыбайт.
18
Адил адамдын кунуна мыйзамсыз адам кетет, арамдыгы жок адамдын кунуна амалкөй адам кетет.
19
Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы.
20
Акылдуунун үйүндө суктандырган байлык жана май болот, ал эми акылсыз аларды чачат.
21
Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган адам өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табат.
22
Акылдуу адам күчтүүлөрдүн шаарына кирет да, алардын таянган чебин кулатат.
23
Оозун жана тилин тыйган адам өз жанын жамандыктан сактайт.
24
Текебер бузукунун аты – шылдыңчыл, ал текеберликтин күүсү менен иш кылат.
25
Жалкоону өзүнүн ачкөздүгү өлтүрөт, анткени анын колдору иштегиси келбейт.
26
Ал күн сайын аябай ачка болуп турат, адил адам болсо бере берет, бергенине өкүнбөйт.
27
Мыйзамсыздардын курмандыгы жийиркеничтүү, айрыкча алардын эки жүздүүлүк менен алып келгени жийиркеничтүү.
28
Жалган күбө өлөт, ал эми билгенин айткан адам ар дайым сүйлөйт.
29
Мыйзамсыз адамдын бети калың, ал эми адил адам түз жүрөт.
30
Теңирге каршы даанышмандык да, акылмандуулук да, акыл-кеңеш да жок.
31
Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31