bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 22
Proverbs 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 23 →
1
Көп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык; алтын менен күмүшкө караганда урматка ээ болуу артык.
2
Бай менен кедей кезигишпей койбойт, экөөнү тең Теңир жараткан.
3
Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.
4
Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет.
5
Тикенек менен тузак бузукунун жолунда, ким жанын сактагысы келсе, алардан оолак болсун.
6
Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт.
7
Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат.
8
Жалганды сепкен адам жамандыкты оруп алат, анын каар таягы да жок болот.
9
Кайрымдуу адам бата алат, анткени ал жакырга өз нанынан берип жатат.
10
Шылдыңчылды кууп жибер, ошондо талаш-тартыш токтойт, чыр-чатак да, уруш да басылат.
11
Жүрөктүн тазалыгын сүйгөн адамдын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу, ага падыша – жолдош.
12
Теңирдин көзү билимди сактап турат, ал эми мыйзамды бузган адамдын сөзүн Ал четке кагат.
13
Жалкоо адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат.
14
Бузулган аялдардын оозу – терең аң. Теңир кимге каарданса, ал ошол аңга түшөт.
15
Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышса, тарбиялоочу чыбык андагы акылсыздыкты жок кылат.
16
Өзүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн, жакырды кордогон адам, ошондой эле байга бир нерсе берген адам жакырданат.
17
Кулагыңды төшөп, акылдуу адамдардын сөздөрүн ук, жүрөгүңдү менин билимиме бур.
18
Эгерде сен аларды жүрөгүңө сактасаң, алар оозуңда болсо, анда алар сени сооротот.
19
Теңирге таянышың үчүн, мен сени бүгүн да үйрөтүп жатам, муну эсиңе тут.
20
Кеңештерим менен акыл-насааттарымда сага үч мертебе жазган жок белем?
21
Сага чындыктын так сөздөрүн үйрөтүү үчүн, сени жиберген адамдарга чындыктын сөздөрүн айтып турушуң үчүн жазгам.
22
Жакырды тонобо, анткени ал жакыр. Бактысыз адамга дарбаза алдында кысым көрсөтпө.
23
Анткени алардын ишине Теңир кийлигишет, аларды талап-тоногондордун жанын алат.
24
Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа,
25
болбосо анын жолун үйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың.
26
Ортого түшүп, карыздын милдетин алба.
27
Эгерде төлөй турган эч нерсең жок болсо, өзүңдү астыңдагы төшөгүңдү алдырганга чейин жеткирүүнүн кандай кажети бар?
28
Ата-бабаларың өткөргөн мурунку чек араны жылдырба.
29
Өз ишин жакшы билген адамды көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31