bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 12
Proverbs 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 13 →
1
Акыл-насаатты сүйгөн адам билимди сүйөт, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн адам акылсыз.
2
Жакшы адам Теңирден ырайым табат, ал эми жаман ойлуу адамды Теңир жазалайт.
3
Адам өзүн мыйзамсыздык менен бекемдей албайт, ал эми адил адамдын тамыры ордунан козголбойт.
4
Жакшы аял – күйөөсүнүн таажысы, ал эми абийирсиз аял – сөөктөгү ириң.
5
Адил адамдардын ойлогону – акыйкаттык, ал эми мыйзамсыздардын ойлогону – жамандык.
6
Мыйзамсыздардын тили – кан төгүү үчүн коюлган буктурма, ал эми адил адамдарды өздөрүнүн оозу куткарат.
7
Мыйзамсыздар кырсык басары менен жок болушат, ал эми адил адамдардын үйү тура берет.
8
Адамды акылына жараша макташат, ал эми жүрөгү бузук адам жек көрүндү болот.
9
Нанга муктаж болуп туруп, өзүн көрүнүктүү адам кылып көрсөткөнгө караганда, өзү үчүн эмгектенген жөнөкөй адам артык.
10
Адил адам малы үчүн да кам көрөт, мыйзамсыз адамдар болсо таш боор.
11
Өз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган адам кем акыл.
12
Мыйзамсыз адам адил адамды жамандыктын торуна түшүргүсү келет, бирок адил адамдын тамыры бекем.
13
Мыйзамсыз адам өз оозунун күнөөлөрү менен торго түшөт, ал эми адил адам жамандыктан кутулат.
14
Адил адам өз оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт, адам өзүнүн кылган ишине жараша тиешесин алат.
15
Акылсыз адамга өзүнүн жолу түз көрүнөт, ал эми кеңеш уккан адам акылдуу.
16
Акылсыз адамдын ачуусу дароо эле сыртка чыгат, ал эми акылдуу адам ызасын сыртка чыгарбайт.
17
Билгенин айткан адам чындыкты айтат, ал эми жалган күбөнүн айтканы жалган.
18
Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат.
19
Адил адамдын тили түбөлүк жашайт, ал эми алдамчынын тили көз ирмемге эле жашайт.
20
Кара ниеттин жүрөгүндө – жаман ой, тынчтык орнотуучулардын жүрөгүндө – кубаныч.
21
Адил адам эч жамандык көрбөйт, мыйзамсыздар болсо көп жамандык көрүшөт.
22
Жалган сүйлөгөн тил Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми чындыкты сүйлөгөндөр Ага жагат.
23
Акыл-эстүү адам билимин жашырат, ал эми акылсыздын акылсыздыгын өзүнүн жүрөгү көрсөтүп турат.
24
Аракетчилдердин колу башкарат, ал эми жалкоонун колу салык төлөйт.
25
Жүрөгүндөгү санаа адамдын көңүлүн чөктүрөт, ал эми жылуу сөз аны кубантат.
26
Адил адам жакынына жол көрсөтөт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат.
27
Жалкоо адам өзүнүн илбээсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мүлкү баалуу.
28
Чындыктын жолунда өмүр бар, анын жолунда өлүм жок.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31