bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 19
Proverbs 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 20 →
1
Жалган сүйлөгөн, анан калса, акылсыз байга караганда такыбаа жашаган кембагал артык.
2
Билимсиз болуу жакшы эмес, шашкан адам мүдүрүлөт.
3
Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жүрөгү болсо Теңирге кыжырданат.
4
Байлык досту көбөйтөт, ал эми жакырды досу да таштап кетет.
5
Жалган күбө жазасыз калбайт, калп айткан адам качып кутулбайт.
6
Адамдардын көбү атактууларга кошомат кылат, белек берген адамга баары дос.
7
Жакыр адамды өзүнүн бүт бир туугандары жек көрөт, достору андан бетер андан качышат, алар менен сүйлөшөйүн деп, ал алардын артынан чуркайт, бирок сүйлөшө албайт.
8
Акылга жеткен адам өз жанын сүйөт, акыл-эсти сактаган адам бакыт табат.
9
Жалган күбө жазасыз калбайт, жалган айткан адам өлөт.
10
Акылсыз адамга сөөлөт жарашпайт, андан бетер кулга төрөлөргө бийлик кылуу жарашпайт.
11
Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу – ал үчүн даңк.
12
Падышанын ачуусу арстандын айкырыгындай, ал эми ырайымы чөптүн үстүндөгү шүүдүрүмдөй.
13
Акылсыз уул – өз атасына кайгы, ажаан аял – тынымсыз тамчылаган суу.
14
Yй менен мал-мүлк – ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял – Теңирден.
15
Эринчээктик уйкуга чөмүлтөт, шалаакы адам ачка калат.
16
Мыйзамды сактаган адам өз жанын сактайт, ал эми өз жолуна кайдыгер адам өлөт.
17
Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт.
18
Yмүтүң барда уулуңду жазала, анын ыйына көңүл бөлбөй эле кой.
19
Ачуулуу адам жазасын алсын, аяп койсоң, андан көбүрөөк жазалоого туура келет.
20
Акылдуу болом десең, кеңешти ук, айыбыңды ачса, кабыл ал.
21
Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кылат, бирок Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашат.
22
Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык.
23
Теңирден коркуу өмүргө алып барат, Теңирден корккон адам дайыма ыраазы болот, анын башына жамандык келбейт.
24
Эринчээк адам колун чөйчөккө салат да, аны оозуна жеткиргиси келбейт.
25
Шылдыңчыл адамды жазаласаң, жөнөкөй адам да эстүү болуп калат. Акылдуу адамдын айыбын ачсаң, ал акыл-насаатты түшүнөт.
26
Абийири жок, уятсыз уул атасынын мүлкүн чачып, энесин үйдөн кууп чыгат.
27
Уулум, насаат сөздөн четтөөнү үгүттөгөндөрдү укканыңды токтот!
28
Жалган күбө акыйкаттыкты шылдың кылат, мыйзамсыз адамдардын оозу жалганды жутат.
29
Шылдыңчыл адамдарга жаза, акылсыз адамдарга токмок даяр.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31