bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 6
Proverbs 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 7 →
1
Уулум! Эгерде жакыныңа кепил болуп, башка бирөө үчүн кол берсең,
2
анда сен оозуңдан чыккан сөзүң менен өзүңдү чырмап алдың, өз оозуңдан чыккан сөздөрүң менен кармалдың.
3
Уулум, мындай кыл: өзүңдү куткар, анткени сен жакыныңдын колуна түшүп калдың, бар, бутуна жыгыл, жакыныңа жалынып-жалбар.
4
Көзүңдү ирмебе, кирпик какпа.
5
Мергенчинин колунан кутулган жейрендей, кушчунун колунан кутулган куштай кутул.
6
Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел.
7
Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок.
8
Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат.
9
Жалкоо, качанга чейин уктай бересиң, качан ойгоносуң?
10
Бир аз уктай турсаң, колуңду бооруңа алып, үргүлөп, бир аз жата турсаң,
11
жакырлыгың жолоочудай, муктаждыгың каракчыдай кирип келет.
12
Анткор, мыйзамсыз адам жалган сүйлөйт.
13
Көзүн кысат, буту менен сүйлөп, манжалары менен белги берет.
14
Анын жүрөгүндө жүзү каралык, качан болбосун, ойлогону жамандык, арага чагым салат.
15
Ошон үчүн ал күтүлбөгөн жерден өлөт, капыстан талкаланат, айыкпас дартка чалдыгат.
16
Теңир жек көргөн алты нерсе, атүгүл, Анын жанына жийиркеничтүү болгон жети нерсе:
17
менменсинген көздөр, жалган тил, жазыксыз адамдын канын төккөн кол,
18
жамандык ойлогон жүрөк, кыянаттык кылганга тез чуркаган буттар,
19
жалган жалаа жапкан жалган күбө, бир туугандардын ортосуна от жаккандар.
20
Уулум! Атаңдын осуяттарын сакта, энеңдин акыл-насаатын четке какпа.
21
Аларды жүрөгүңө түбөлүккө байлап ал, мойнуңа тегерете байлап ал.
22
Жолго чыкканыңда, алар сени жетектейт, уктап жатканыңда кайтарат, ойгонгонуңда сени менен маектешет.
23
Анткени осуят – чырак, акыл-насаат – жарык, насыятты үйрөнүү – өмүргө жол.
24
Алар сени бузулган аялдан, башка бирөөнүн аялынын жасакерленип сүйлөгөн сөзүнөн сактайт.
25
Жүрөгүңдө анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен өзүнө тартып кетпесин.
26
Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирөөнүн аялы кымбат жанды торго түшүрөт.
27
Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат?
28
Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат?
29
Жакынынын аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам күнөөгө батпай койбойт.
30
Курсагын тойгузуш үчүн, ачкалыктын айынан ууруга кирген кишини жек көрүшпөйбү?
31
Ал кармалганда, жети эселеп төлөп берет, үйүндөгү бардык мал-мүлкүн берет.
32
Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өлтүрөт.
33
Ал токмок да жейт, абийири да кетет, маскара болгону унутулбайт.
34
Анткени кызганчаактык – күйөөсүнүн каары, ал өч алган күнү аябайт.
35
Эч кандай кун кабыл албайт, канчалык белек берсең да канагаттанбайт.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31