bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 17
Proverbs 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 18 →
1
Уруш-талаш кетпеген үйдөгү толо эттен тынч жашаган үйдөгү бир сындырым каткан нан артык.
2
Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска ээ болот.
3
Эритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт.
4
Бузуку адам мыйзамсыздын сөзүн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.
5
Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанган адам жазасыз калбайт.
6
Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын даңкы – ата-энелери.
7
Акылсыз адамга маанилүү сөз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.
8
Пара – берчү киши үчүн асыл таш, ал каякка кайрылса да үлгүрөт.
9
Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.
10
Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет.
11
Жаңжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жөнөтүлөт.
12
Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.
13
Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын үйүнөн жамандык кетпейт.
14
Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот.
15
Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Теңирдин алдында жийиркеничтүү.
16
Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетүүгө анын акылы жок.
17
Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет.
18
Кем акыл адам колун берип, өз жакынына кепилдикке өтөт.
19
Чатакты жакшы көргөн адам күнөөнү жакшы көрөт. Дарбазасын бийик көтөргөн адам – жыгылууну издеген адам.
20
Анткор жүрөк жакшылык көрбөйт, амалкөй тил кырсыкка кабылат.
21
Акылсызды төрөгөн адам башына балаа үйдү, акылсыздын атасы да кубаныч көрбөйт.
22
Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат.
23
Акыйкаттыктын жолун бурмалаш үчүн, мыйзамсыз адам жең ичинен пара алат.
24
Даанышмандык акылдуу адамдын көз алдында, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө.
25
Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.
26
Айыбы жокту айыптаган, чындык үчүн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.
27
Акылдуу адам токтоолук менен сүйлөйт, акыл-эстүү адам сабырдуу болот.
28
Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнүшү мүмкүн, ооз ачпаган адам акыл-эстүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31