bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 20
Proverbs 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 21 →
1
Шарап адамды шылдың кылат, күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары акылсыз.
2
Падышанын каары арстандын айкырыгындай, аны каарданткан адам өзүнө каршы күнөө кылат.
3
Чыр-чатактан качуу – адам үчүн абийир, ал эми акылсыз адам жаңжалчыл болот.
4
Жалкоо адам кышында жер айдабайт, оруу-жыюу маалында издеп, эч нерсе таппайт.
5
Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет.
6
Көптөр адамды ырайымдуулугу үчүн макташат, бирок чынчыл адамды ким табат?
7
Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу!
8
Сот тагында отурган падыша көз карашы менен бардык жамандыкты кубалайт.
9
«Мен жүрөгүмдү тазаладым, мен күнөөмдөн тазамын», – деп, ким айта алат?
10
Бирдей эмес тараза, бирдей эмес чен-өлчөм Теңирдин алдында жийиркеничтүү.
11
Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот.
12
Уккан кулакты, көргөн көздү Теңир жараткан.
13
Жакыр болбошуң үчүн, уктаганды жакшы көрбө. Көзүңдү ачып сергек бол, ошондо нанды тойгуча жейсиң.
14
Сатып алуучу: «Жаман, жаман», – дейт, бирок мындай басканда: «Жакшы, жакшы», – деп мактанат.
15
Алтын да, көп бермет да бар, бирок акылдуу сүйлөгөн ооз алардан кымбат.
16
Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.
17
Алдамчылык менен табылган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ооз шагылга толот.
18
Ой-максат кеңеш аркылуу бекемделет, кеңешип алып согуш жүргүз.
19
Сөз ташыган адам бирөөнүн сырын ачат. Оозун чоң ачкан адам менен байланышпа.
20
Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу караңгылыкта өчөт.
21
Шашылыш тартылып алынган мурас бата алып келбейт.
22
«Жамандык үчүн өч алам», – дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт.
23
Туура эмес тараза таштары Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура эмес таразалар жакшы эмес.
24
Адамдын кадамын Теңир багыттайт, ошондуктан адам өз жолун кантип биле алат?
25
Шашып убада берип коюп, андан кийин ойлонуу – адамга тузак.
26
Акылдуу падыша мыйзамсыздарды сапырат, аларды дөңгөлөк астында калтырат.
27
Адамдын руху – Теңирдин чырагы, ал адамдын жүрөгүнүн тереңин сынайт.
28
Падышаны кайрымдуулук менен акыйкаттык сактап турат, ал өз тагын ырайымы менен кармап турат.
29
Жаштардын атак-даңкы – алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү – алардын ак чачы.
30
Таяктан алган жараат – кыянаттыкка каршы даба, ичти аралап өткөн соккулар – жамандыкка каршы даба.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31