bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 18
Proverbs 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 19 →
1
Өз дегенин бербеген адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.
2
Акылсыз адам билимди сүйбөйт, бирок ал өзүнүкүн гана айткысы келет.
3
Мыйзамсыздын келиши менен жек көрүү кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдың келет.
4
Адамдын оозунан чыккан сөз – терең суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.
5
Адил адамды сотто айыпка жыгыш үчүн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.
6
Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сөзү үчүн таяк жейт.
7
Акылсыздын тили – өзүнө өлүм, оозу – жаны үчүн жайылган тор.
8
Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
9
Өз ишине кош көңүл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.
10
Теңирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.
11
Байдын мал-мүлкү – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.
12
Жыгылардын алдында адамдын жүрөгү текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-даңкка жеткирет.
13
Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.
14
Адамдын руху адамдын алсыздыгын көтөрөт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?
15
Акылдуу адамдын жүрөгү билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.
16
Берилген белек адамдын жолун ачып, аны төрөлөргө чейин жеткирет.
17
Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат.
18
Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп, күчтүүлөрдүн ортосундагы талаш-тартышты чечет.
19
Каарданган бир тууган кире алгыс чептүү шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.
20
Адамдын ичи өз тилинин жемишине толот, ал өз оозунун чыгармасына тоёт.
21
Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде, аны сүйгөндөр анын жемишинен татышат.
22
Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Теңирден ырайым көргөнү.
23
Жакыр жалбарып сүйлөйт, бай орой жооп берет.
24
Дос күткүсү келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыңдан да жакын дос болот.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31