bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 30
Proverbs 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 31 →
1
Жакеп уулу Агурдун сөздөрү. Ал кишинин Итиелге жана Ухалга айткан, адамды шыктандырган накыл сөздөрү мындай:
2
«Чындыгында, эл ичинде мен эң акылсыз адаммын, менде адамдык акыл жок.
3
Мен акылмандыкты да үйрөнө алган жокмун, менде ыйык адамдарда болгон Кудайды таанып билүү да жок.
4
Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине түйүп алган барбы? Жердин бүт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесиңби?
5
Кудайдын ар бир сөзү таза, Ал – Өзүнө таянгандарга калкан.
6
Ал сени ашкерелебеши үчүн, алдамчы болуп калбашың үчүн, Анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо.
7
Мен Сенден эки нерсе сурайын, орундатпай койбо:
8
бул жашоомдо менден курулай убаракерчиликти жана алдамчылыкты алыс кыл, мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл.
9
Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, “Теңир ким?” деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын.
10
Каргышына калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн, кулду мырзасынын алдында жамандаба.
11
Атасына наалат айткан, энесине ыраазы болбогон адамдар бар.
12
Өзүнүн ыпыластыгынан жуулбай туруп, өзүн тазамын деп эсептеген адамдар бар.
13
Менменсинген, боюн көтөргөн адамдар бар.
14
Жер үстүндөгү жакырларды жана эл ичиндеги жарды-жалчыларды жей турган тиштери кылыч, жаактары шамшар болгон адамдар бар.
15
Тойбостун “Келе, келе” деген эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе бар, “Жетет” дебеген төрт нерсе бар.
16
Булар: өлгөндөр жаткан жай жана тукумсуз жатын, сууга тойбогон жер жана “Жетишет” дебеген от.
17
Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген көздү чөл кузгундары чокуп салат, бүркүттүн барчындары жеп салат.
18
Мен үчүн үч нерсе кол жеткис, төрт нерсени түшүнбөйм:
19
асмандагы бүркүт жолу, аскадагы жылан жолу, деңиздеги кеме жолу, кызга барган жигиттин жолу.
20
Бузулган аялдын жолу да ошондой: жеп бүтүп, оозун аарчып: “Мен эч кандай жамандык кылган жокмун”, – дейт.
21
Yч нерседен жер солкулдайт, төрт нерсени көтөрө албайт:
22
кулдун падыша болгонуна, акылсыздын нанды тоё жегенине,
23
бузулган аялдын күйөөгө тийгенине, күңдүн өзүнүн мырзайымынын ордун ээлеп алганына.
24
Жер үстүндө төрт майда жаныбар бар, бирок алар акылдуулардан да акылдуу:
25
кумурскалар, күчтүү эл эмес, бирок алар өздөрүнүн азыгын жайында камдап алышат;
26
тоо чычкандары, алсыз эл, бирок алар үйлөрүн аскаларга салышат;
27
чегирткелер, алардын падышасы жок, бирок бардыгы тизилип чыгышат;
28
жөргөмүштөр, алар буттары менен илинип турушат, бирок падышанын ак сарайларында болушат.
29
Басканы сонун үч нерсе бар, жүрүшү укмуш төрт нерсе бар:
30
арстан, ал – жырткычтардын эң күчтүүсү, эч кимге жол бербейт;
31
жылкы, эчки жана өз элинин арасындагы падыша.
32
Эгерде сен өзүңдүн текебердигиң менен акылсыздык кылып, бирөөгө жамандык ойлогон болсоң, анда колуң менен оозуңду жап.
33
Анткени сүттү бышса май түшөт, мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат».
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31