bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 13
Proverbs 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 14 →
1
Акылдуу уул атасынын акыл-насаатын угат, ал эми ээ-жаа бербеген уул айыбын ачкандарды укпайт.
2
Адам өз оозунун жемишинен жакшылык көрөт, ал эми мыйзамды бузгандардын жаны жамандык көрөт.
3
Тилин тыйган адам жанын сактайт, ал эми оозун чоң ачкан адам кыйынчылыкка дуушар болот.
4
Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат.
5
Адил адам жалган сөздү жек көрөт, ал эми мыйзамсыз адам өз абийирин өзү төгүп, өзүн өзү маскара кылат.
6
Кемчиликсиз адамды чындык сактайт, ал эми күнөөкөрдү мыйзамсыздыгы өлтүрөт.
7
Бирөө эч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт. Экинчи бирөө байлыгы ашып-ташып турса да, өзүн бечара көрсөтөт.
8
Адам байлыгы менен өз өмүрүн сатып алат, ал эми жардыны эч ким коркутпайт.
9
Адил адамдардын жарыгы жаркырап турат, мыйзамсыздардын чырагы болсо өчөт.
10
Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар.
11
Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат.
12
Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт, ал эми ишке ашкан үмүт – өмүр дарагы.
13
Кудайдын сөзүн этибар албаган адам өзүнө зыян келтирет, ал эми осуяттан корккон адам тиешесин алат.
14
Акылдуунун окутуусу – өлүмдүн торунан сактап кала турган өмүр булагы.
15
Жакшы акыл жакшы нерсеге жеткирет, ал эми мыйзамсыздардын жолу катаал.
16
Ар бир эстүү адам акыл менен иш кылат, ал эми акылсыз адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.
17
Жаман элчи кырсыкка кабылат, ал эми ишенимдүү элчи куткарат.
18
Үйрөнүүдөн баш тарткан адамды жакырлык менен маскарачылык күтүп турат, ал эми акыл-насаатты сактаган адам урматка ээ болот.
19
Ишке ашкан тилек жанга жагымдуу, ал эми жамандыктан четтөө – акылсыздар үчүн чыдагыс нерсе.
20
Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.
21
Күнөөкөрлөрдү жамандык ээрчип жүрөт, ал эми адил адамдар жакшылык көрүшөт.
22
Жакшы адам неберелерине да мурас калтырат, ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил адам үчүн сакталат.
23
Жардылардын талаасында да мол түшүм болот, бирок кээ бир адамдар баш аламандыктан өлүп жатышат.
24
Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт.
25
Адил адам тамакты тойгончо жейт, ал эми мыйзамсыз адамдардын карды ач болот.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31