bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 16
Proverbs 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 17 →
1
Адам жүрөгүндө бир нерсени ниет кылат, бирок анын жообу Теңирден болот.
2
Адамга өзүнүн бардык жолдору таза көрүнөт, бирок жүрөктөрдү Теңир салмактайт.
3
Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат.
4
Бардыгын Теңир Өзү үчүн жаратты. Атүгүл, мыйзамсызды кайгы күнгө сактап турат.
5
Жүрөгү текебер адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал жазасыз калбайт деп, кепилге өтсө болот.
6
Ырайым жана чындык менен күнөө тазаланат, Теңирден коркуу жамандыктан алыстатат.
7
Адамдын жолдору Теңирге жакканда, Ал аны душмандары менен да элдештирет.
8
Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык.
9
Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурат, бирок анын кадамын Теңир багыттайт.
10
Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат, сотто анын оозу күнөө кылбайт.
11
Туура тараза жана өлчөөчү идиштер Теңирден, баштыктагы бардык тараза таштар да Теңирден.
12
Мыйзамсыз иш падышалар үчүн жийиркеничтүү, анткени такты чындык менен бекемделет.
13
Чын сүйлөгөн ооз падышага жагат, ал чындыкты сүйлөгөн адамды жакшы көрөт.
14
Падышанын каары – өлүмдүн кабарчысы, бирок акылдуу адам анын каарын кайттырат.
15
Падышанын жарык жүзү – өмүр, анын ырайым кылганы жазгы жамгырдай.
16
Даанышмандыкка ээ болуу алтынга ээ болуудан алда канча жакшы, акылмандыкка ээ болуу тандамал күмүшкө ээ болуудан жакшы.
17
Адил адамдардын жолу – жамандыктан оолак болуу. Өз жолун сактаган адам өз жанын сактайт.
18
Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет.
19
Текеберлер менен олжо бөлүшкөнчө, момундар менен бирге моюн сунган жакшы.
20
Ишти акылдуулук менен жүргүзгөн адам ийгилик табат, Теңирге таянган адам бактылуу.
21
Жүрөгү акылдуу адам акылдуу деп аталат, жагымдуу сөз акылга акыл кошот.
22
Акылы бар адам үчүн акыл – өмүрдүн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык.
23
Акылдуу адамдын жүрөгү өз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат.
24
Жагымдуу сөз – бал, ал – жанга жагымдуу, сөөккө дары.
25
Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы – өлүмгө алып баруучу жол.
26
Эмгекчи өзү үчүн эмгектенет, анткени эмгектенүүгө оозу мажбурлап жатат.
27
Амалкөй адам жамандык ойлоп турат, анын оозунан куйкалоочу от чыгат.
28
Эки жүздүү адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
29
Жакшылык ойлобогон адам өз жакынын бузуп, жаман жолго түртөт.
30
Ал кыянаттык ойлоп табыш үчүн, көзүн жүлжүйтөт, эриндерин тиштеп, кыянаттык кылат.
31
Даңктын таажысы – чындык жолунда жүргөн ак чач.
32
Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.
33
Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31