bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 3
Proverbs 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 4 →
1
Уулум! Менин акыл-насаатымды эсиңден чыгарба, жүрөгүң осуяттарымды сактасын.
2
Анткени алар сага узун өмүр, узак өмүр жаш, тынчтык берет.
3
Сени ырайым менен чындык таштабасын. Буларды мойнуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал,
4
ошондо Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым жана жакшылык табасың.
5
Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба.
6
Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт.
7
Өзүңдү акылман эсептебе, Теңирден корк, жамандыктан кач.
8
Бул денеңе саламаттык, сөөгүңө азык болот.
9
Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт.
10
Ошондо кампаларың ашыгы менен данга толот, жүзүм сыгылуучу жайыңдан жаңы шарап ашып-ташып төгүлүп турат.
11
Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыңды ачканын оор көрбө.
12
Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.
13
Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу!
14
Анткени акылга ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык.
15
Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага эч нерсе тең келбейт.
16
Анын оң колунда – узун өмүр, сол колунда – байлык менен атак-даңк.
17
Анын жолу – жагымдуу жол, анын бардык жолу – бейпилдик.
18
Ага ээ болгондор үчүн ал – өмүр дарагы, аны сактагандар – бактылуу адамдар!
19
Теңир жерди кеменгерлиги менен негиздеген, асманды акылмандыгы менен орноткон.
20
Анын акылмандыгы менен түпсүз туңгуюктар ачылган, булуттар шүүдүрүм себелейт.
21
Уулум! Булардан көзүңдү алба, туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сакта,
22
алар жаның үчүн өмүр, мойнуң үчүн мончок болот.
23
Ошондо өз жолуңду коркпостон улайсың, мүдүрүлбөйсүң.
24
Жатканыңда коркпойсуң, уйкуң таттуу болот.
25
Күтүлбөгөн коркунучтан, мыйзамсыздардын кол салганынан коркпойсуң.
26
Анткени Теңир сенин таянычың болот, бутуңду тузактан сактайт.
27
Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа.
28
Жаныңда бар болуп туруп, досуңа: «Эртең кел, эртең берем», – дебегин.
29
Сени менен капарсыз жашап жаткан жакыныңа жамандык кылууну ойлобо.
30
Сага жамандык кылбаган адам менен себепсиз чатакташпа.
31
Зордук-зомбулук кылган адамга көз артпа, анын жолдорунун бирине да түшпө.
32
Анткени бузулган адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар.
33
Теңирдин каргышы мыйзамсыздын үйүнүн үстүндө, ал эми адил адамдардын үйүнө Ал батасын берет.
34
Эгерде Ал шылдыңчыл текеберлерди уятка калтырып жатса, анда момундарга ырайым кылат.
35
Акылмандар атак-даңкты, акылсыздар маскарачылыкты мурасташат.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31