bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 28
Proverbs 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 29 →
1
Мыйзамсыз адам артынан эч ким кубалабаса деле качып жүрөт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.
2
Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар көбөйөт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал көпкө жашайт.
3
Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нөшөрдөй.
4
Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.
5
Кара өзгөй кишилер адилеттикти түшүнүшпөйт, ал эми Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт.
6
Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.
7
Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.
8
Сүткордук кылып ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам үчүн жыйнап жатат.
9
Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.
10
Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам өз оруна өзү түшөт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.
11
Бай адам өзүн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.
12
Адил адамдар салтанат курушканда, чоң кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.
13
Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.
14
Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат.
15
Жакыр элге үстөмдүк кылган мыйзамсыз өкүмдар айкырган арстандай, ачка аюудай.
16
Акылы жок өкмөт башчысы көп кысымчылык көрсөтөт, ал эми ачкөздүктү жек көргөн өкүмдардын өмүрү узун болот.
17
Адамдын канын төгүп айыптуу болгон адам бирөө кармап албасын деп, көргө киргенге чейин качып жүрүп өтөт.
18
Түз жүргөн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жүргөн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.
19
Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.
20
Ишенимдүү адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.
21
Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан үчүн да адилетсиздикке барат.
22
Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.
23
Тили менен жасакерленген адамга караганда бетке айткан адам акыры чоң ылым табат.
24
Өз атасы менен өз энесин тоноп, «Бул күнөө эмес» деген адам – каракчылардын шериги.
25
Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам жыргал турмуш өткөрөт.
26
Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот.
27
Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жумуп койгон адам көп каргышка калат.
28
Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар көбөйө башташат.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31