bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 4
Proverbs 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 5 →
1
Балдар, атаңардын акыл-насаатын уккула, акыл-эстүү болуу үчүн кулак салгыла!
2
Анткени мен силерге жакшы сабак бердим. Менин осуяттарымды таштабагыла.
3
Анткени мен да бир кезде атамдын уулу элем, энемдин жалгыз, сүйүктүү уулу элем.
4
Ошондо атам мага акыл үйрөтүп: «Жүрөгүңө менин сөздөрүмдү тутуп ал, осуяттарымды сактап жаша», – деген.
5
Даанышмандыкка ээ бол, акылмандуулукка ээ бол. Муну эсиңден чыгарба, менин айткандарымдан четтебе.
6
Менин сөзүмдү таштаба, ошондо ал сени сактап жүрөт; аны сүй, ошондо ал сени коргоп жүрөт.
7
Эң негизгиси – акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-эстүүлүккө ээ бол.
8
Аны бийик бааласаң, ал сени бийикке көтөрөт. Эгерде ага жабышсаң, ал сенин даңкыңды чыгарат.
9
Ал сенин башыңа эң сонун гүлчамбар кийгизет, эң сонун таажыга жеткирет.
10
Кулак сал, уулум, менин сөздөрүмдү кабыл ал, ошондо өмүрүң узарат.
11
Мен сага акылмандыктын жолун көрсөтүп жатам, түз жол менен алып бара жатам.
12
Бара жатканыңда жолуң тарыбайт, чуркап жөнөсөң мүдүрүлбөйсүң.
13
Акыл-насааттарды бекем карма, аны таштаба, сактап жүр, анткени ал сенин өмүрүң.
14
Мыйзамсыздардын жолуна түшпө, зулумдардын жолу менен жүрбө.
15
Ал жолду ташта, ал жол менен баспа, ал жолго жолобо, ал жолдон кыя өт.
16
Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт, бирөөнү кулатмайынча, алардан уйку качат.
17
Анткени алар мыйзамсыздык менен нан таап жешет, уурдалган шарап ичишет.
18
Адил адамдардын жолу – жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет.
19
Мыйзамсыздардын жолу – караңгылык, алар эмнеге мүдүрүлөрүн билишпейт.
20
Уулум! Менин сөздөрүмө кулак сал, айткандарыма кулагыңды төшө!
21
Алар сенин көз алдыңдан кетпесин, аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта.
22
Анткени ал – аны тапкандар үчүн өмүр, бүт денеси үчүн – саламаттык.
23
Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени өмүрдүн булагы анда.
24
Калп айтуудан баш тарт, анткорлонуп сүйлөөдөн кач.
25
Көзүң түз карасын, көз карашың түз болсун.
26
Басар жолуңду ойлонуп бас, ошондо сенин бүт жолуң бекем болот.
27
Оңго да, солго да бурулба, бутуңду жаман жолдон алыс кыл.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31