bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 11
Proverbs 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 12 →
1
Туура эмес тараза Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура тараза Ага жагат.
2
Текебердик келгенде, маскаралык да келет, ал эми момундарда акылмандык.
3
Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жүзү караларды амалкөйлүгү өлтүрөт.
4
Каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт, ал эми адилдик өлүмдөн куткарат.
5
Кемчиликсиз адамдын жолун өзүнүн адилдиги түздөйт, ал эми мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт.
6
Куулугу жок адамдарды өздөрүнүн адилдиги куткарат, ал эми мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыгы менен торго түшүшөт.
7
Күнөөкөр адамдын үмүтү өзү менен кошо жоголот, мыйзамсыздардын үмүтү жок болот.
8
Адил адам кырсыктан кутулат, анын ордуна мыйзамсыз тутулат.
9
Эки жүздүү өз жакынын тили менен өлтүрөт, ал эми адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат.
10
Адил адамдар жакшы жашап жатканда, шаар кубанат; мыйзамсыз адамдар өлгөндө, майрам болот.
11
Адил адамдардын батасы менен шаар гүлдөйт, ал эми мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат.
12
Кем акыл жакынына жек көрөрүн айтат, ал эми акылдуу адам унчукпайт.
13
Сөз ташыган адам жашыруун сырды ачат, ал эми ишенимдүү киши ичинде сактайт.
14
Туура кеңештин жоктугунан элдин абалы начарлайт, кеңешчилер көп болсо, эл куткарылат.
15
Бирөөнүн милдетин мойнуна алган адам өзүнө өзү жамандык кылат, ал эми кепилдикти жек көргөн адам коопсуз болот.
16
Адептүү аял даңкка ээ болот, ал эми эмгекти сүйгөндөр байлыкка ээ болушат.
17
Кайрымдуу адам өз жанына жакшылык кылат, ал эми таш боор адам өз денесин кыйратат.
18
Мыйзамсыз адам жалган жол менен пайда табат, ал эми чындыкты сепкен адам чыныгы белек алат.
19
Адилдик өмүргө ээ кылат, ал эми жамандыкка умтулган адам өлүмгө умтулат.
20
Жүрөгү бузук адамдар Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз жашагандар Ага жагат.
21
Бузуку адам жазаланбай калбайт деп, кепилге өтүүгө болот, ал эми адил адамдардын тукуму куткарылат.
22
Сулуу, бирок акылсыз аял мурдуна алтын шакек тагылган чочкодой.
23
Адил адамдардын каалаганы – жалаң жакшылык, мыйзамсыздарды каар күтүп турат.
24
Бирөө мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирөө ашкере үнөмчүл, ошого карабастан жакырдана берет.
25
Кайрымдуу жан ток болот. Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат.
26
Данды кампасына катып алган адам элдин каргышына калат, ал эми саткан адамдын үстүндө бата болот.
27
Жакшылыкка умтулган адам жакшылык табат, жамандык издеген адамга жамандык келет.
28
Байлыгына таянган адам кулайт, ал эми адил адамдар жалбырактай көгөрүшөт.
29
Yйүн бузган адам энчисине шамал алат, акылсыз адам жүрөгү акылдуу адамга кул болот.
30
Адил адамдын жемиши – өмүр дарагы, акылдуу адам адамдарды өзүнө тартат.
31
Ошентип, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилсе, андан бетер мыйзамсызга да, күнөөкөргө да өз тиешеси берилет.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31