bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 5
Proverbs 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 6 →
1
Уулум! Акыл-эстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө.
3
Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак.
4
Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч.
5
Анын буту өлүмгө алып барат, таманы өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт.
6
Эгерде сен анын баскан жолун билгиң келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсың.
7
Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле.
8
Ал аялдан алыс жүр, анын үйүнүн эшигине жакын барба,
9
болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү кыйноочуга бересиң,
10
күчүңө башка бирөөлөр тоёт, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет.
11
Дене-мүчөң күч-кубаттан ажыраганда, онтоп,
12
мындай деп айтасың: «Эмне үчүн мен акыл-насаатты жек көрдүм экен, эмне үчүн жүрөгүм ашкерелөөнү капарына албады экен?
13
Эмне үчүн устаттарымдын үнүн укпадым экен, эмне үчүн насаатчыларыма кулак төшөбөдүм экен?
14
Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым».
15
Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич.
16
Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын.
17
Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун.
18
Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган,
19
маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан.
20
Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?
21
Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат.
22
Мыйзамсыз адамды өзүнүн мыйзамсыздыгы тузакка түшүрөт, ал өз күнөөсүнүн торунда камалып турат.
23
Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен өлөт, акылсыздыгынын көптүгүнөн жок болот.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31