bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 7
Proverbs 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 8 →
1
Уулум! Менин сөздөрүмдү сакта, осуяттарымды катып ал.
2
Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды көзүңдүн карегиндей сакта.
3
Аларды колуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал.
4
Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсың», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсың», – де.
5
Булар сени башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.
6
Бир күнү мен үйүмдүн терезесинен, тордон карап турдум.
7
Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды көрүп калдым.
8
Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан өтүп, ошол аялдын үйүнө барчу жолдо бара жатты.
9
Ал убак күн батып, күүгүм кирип, караңгы боло баштаган убак эле.
10
Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкөй,
11
чуулгандуу, жүгөнсүз бир аял чыкты, ал үйүндө турбайт.
12
Ал бирде көчөдө, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.
13
Ал жаш уланды кармап алып өөп, уялбастан ага мындай деди:
14
«Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бүгүн аткардым.
15
Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.
16
Килемдерди, Мисирдин түркүн түстүү кездемелерин төшөп, төшөк салдым.
17
Уктоочу бөлмөмдү смирна, алой жана корица менен аңкытып койдум.
18
Yйгө кир, таң атканча эркелешип, сүйүүгө ыракаттанабыз.
19
Анткени күйөөм үйдө жок, ал узак сапарга кеткен.
20
Күмүшкө толгон капчыгын ала кеткен, үйгө ай толгон күнү келет».
21
Ал жаш уланды көптөгөн жылуу сөздөр менен азгырып, жылуу жумшак сүйлөп, бийлеп алды.
22
Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жөнөдү.
23
Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын өлүмү үчүн жайылганын билбейт.
24
Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сөздөрүмө көңүл бургула.
25
Жүрөгүң ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна түшүп адашпагын.
26
Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, көптөгөн күчтүү адамдар ал аялдын колунан өлүшкөн.
27
Анын үйү – өлүмдүн ички бөлмөлөрүнө түшүрө турган, өлгөндөр жаткан жайга алып барчу жол.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31