bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Proverbs 26
Proverbs 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 27 →
1
Акылсыз адамга көрсөтүлгөн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.
2
Жөн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.
3
Камчы ат үчүн, жүгөн эшек үчүн, ал эми таяк акылсыздар үчүн.
4
Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ага окшоп акылсыз болуп каласың.
5
Акылсыз өзүн акылдуу эсептеп калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.
6
Акылсызды чабарман кылуу өз бутун өзү кескенге барабар, анткен адам балээни башына үйөт.
7
Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.
8
Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар.
9
Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей.
10
Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт.
11
Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.
12
Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк үмүттөнсө болот.
13
Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.
14
Эшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт.
15
Эринчээк адам колун чөйчөккө сунат, бирок аны оозуна жеткирүү – ал үчүн кыйын иш.
16
Жалкоо өзүн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.
17
Өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар.
18
Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин ыргытуу
19
досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.
20
Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат.
21
Жыгачтын көмүрү ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.
22
Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
23
Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей.
24
Душман тили менен анткорлонуп сүйлөйт, бирок жүрөгүндө жамандык ойлоп турат.
25
Ал назик үн менен сүйлөсө да, ага ишенбе, анткени анын жүрөгүндө жети кыянатчылык бар.
26
Эгерде жек көргөнүн билгизбей алдап жүрсө, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.
27
Бирөөгө ор казган адам орго өзү түшөт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын өзүнө келип тиет.
28
Жалганчы тил өзү ыза кылган адамдарды жек көрөт, кошоматчы ооз бирөөгө жыгылуу даярдайт.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31