bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 1
Genesis 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 2 →
1
Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты.
2
Жер болсо көрксүз, ээн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү.
3
Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди. Жарык пайда болду.
4
Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгыдан ажыратты.
5
Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү.
6
Анан Кудай: «Суулардын ортосунда аба мейкиндиги болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун», – деди.
7
Ошентип, Кудай аба мейкиндигин жаратып, аба мейкиндигинин астындагы сууну аба мейкиндигинин үстүндөгү суудан бөлүп койду. Так ошондой болду.
8
Кудай аба мейкиндигин «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты: экинчи күн өттү.
9
Анан Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун», – деди. Так ошондой болду.
10
Кудай кургактыкты «жер» деп атады, ал эми чогулган сууларды «деңиз» деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
11
Анан Кудай: «Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.
12
Ошондо жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
13
Кеч кирип, таң атты: үчүнчү күн өттү.
14
Анан Кудай: «Күндү түндөн ажыратуу үчүн, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды белгилөө үчүн, асман мейкиндигинде чырактар болсун.
15
Алар жерге жарык берип турушу үчүн, асман мейкиндигинде чырак болушсун», – деди. Так ошондой болду.
16
Ошентип, Кудай эки чоң чыракты: күндү башкаруу үчүн чоңураак чыракты, түндү башкаруу үчүн кичирээк чыракты жана жылдыздарды жаратты.
17
Кудай аларды жерге жарык бериши үчүн,
18
күн менен түндү башкарышы үчүн, жарыкты караңгыдан ажыратышы үчүн, асман мейкиндигине жайгаштырды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
19
Кеч кирип, таң атты: төртүнчү күн өттү.
20
Анан Кудай: «Суу тирүү жандыктарга толсун. Жер үстүндө, асман мейкиндигинде канаттуулар учсун», – деди.
21
Ошентип, Кудай суудагы көп сандаган чоң балыктарды жана сойлоп жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды, ар кандай канаттууларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
22
Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула, канаттуулар да жерде көбөйүшсүн».
23
Кеч кирип, таң атты: бешинчи күн өттү.
24
Анан Кудай: «Жер тирүү жандыктарды: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.
25
Ошентип, Кудай жер жаныбарларын түр-түрү менен, малдарды түр-түрү менен, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
26
Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын».
27
Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты.
28
Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла».
29
Анан Кудай дагы мындай деди: «Мен силерге бүт жер үстүндөгү урук чачкан ар кандай өсүмдүктөрдү, мөмөсүндө уругу бар ар кандай мөмөлүү дарактарды бердим, булар силерге азык болсун.
30
Ал эми бардык жер жаныбарларына, бардык асман канаттууларына, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бардык өсүмдүктөрдү азык кылып бердим». Так ошондой болду.
31
Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50