bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 27
Genesis 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 28 →
1
Ыскак картайып, көзү начарлап калганда, тун уулу Эйсапты чакырып: «Уулум!» – деди. Ал ага: «Мына мен», – деди.
2
Ыскак уулуна мындай деди: «Мен эми картайып калдым, качан өлөрүмдү билбейм.
3
Сен азыр куралдарыңды, саадагыңды, жааңды алып, талаага барып, мага илбээсин атып кел.
4
Мен жакшы көргөн тамакты бышырып, алдыма алып кел. Өлөрдөн мурун сага батамды берейин».
5
Ыскак уулу Эйсапка ушул сөздөрдү айтып жатканда, Ребека угуп турган эле. Эйсап талаага илбээсин атып келгени жөнөп кетти.
6
Ребека болсо уулу Жакыпка: «Мен азыр бир тууганың Эйсапка атаңдын:
7
“Илбээсин атып келип, мага тамак бышырып бер. Мен аны жеп, өлөр алдымда Теңир алдында сага батамды берейин”, – дегенин уктум.
8
Эми, уулум, сага айта турган сөзүмө кулак салып, айтканымды аткар.
9
Жайытка барып, эки жакшы улак алып кел. Мен алардын этинен атаңа жакшы көргөн тамагын жасап берейин.
10
Аны атаңа алып бар, ал жеп, өлөр алдында сага батасын берсин», – деди.
11
Жакып апасы Ребекага: «Бир тууганым Эйсап түктүү, мен болсо түксүзмүн.
12
Атам мени сыйпалап көрсө, мен анын алдында алдамчы болуп, бата ордуна каргыш алып калбайын», – деди.
13
Апасы уулуна: «Уулум, сага тие турган каргыш мага тийсин. Менин сөзүмдү гана угуп, айтканымды алып кел», – деди.
14
Ал барып, апасына айтканын алып келди. Апасы анын атасына жакшы көргөн тамагын жасап берди.
15
Анан Ребека үйүнөн тун баласы Эйсаптын жакшы кийимдерин алып, кенже уулу Жакыпка кийгизди.
16
Ал эми колдору менен мойнун улактардын териси менен ороп койду.
17
Анан өзү жасаган тамак менен нанды уулу Жакыптын колуна берди.
18
Ал атасына кирип: «Ата!» – деди. Атасы: «Мына мен, сен кимсиң, уулум?» – деди.
19
Жакып атасына: «Мен тун уулуң Эйсапмын. Айтканыңды аткардым. Өйдө болуп отуруп, мен алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бер», – деди.
20
Ошондо Ыскак уулунан: «Кантип бат эле таап келе койдуң, уулум?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин Кудай-Теңириң Өзү алдыман чыгарды», – деп жооп берди.
21
Анан Ыскак Жакыпка: «Жакын келчи, уулум, мен сени сыйпалап көрөйүн, сен уулум Эйсапсыңбы же ал эмессиңби?» – деди.
22
Жакып атасы Ыскакка жакын келди. Ал аны сыйпалап көрүп: «Yнү – Жакыптын үнү. Колу – Эйсаптын колу», – деди.
23
Ошентип, ал аны тааныган жок, анткени анын колдору бир тууганы Эйсаптыкындай түктүү эле. Анан ага батасын берди.
24
Ал дагы бир жолу: «Эйсап, бул сенсиңби?» – деп сурады. Жакып болсо: «Ооба, менмин», – деп жооп берди.
25
Ошондо Ыскак ага: «Алып бер, мен уулум алып келген илбээсиндин этинен жеп, ага батамды берейин», – деди. Жакып ага тамакты алып берди, ал жеди. Ал шарап да алып келди, ал аны да ичти.
26
Анан атасы Ыскак ага: «Уулум, жакын келип, мени өпчү», – деди.
27
Ал ага жакын барып, аны өптү. Ошондо Ыскак анын кийиминин жытын сезип, ага мындай деп батасын берди: «Бул – Теңир батасын берген талаанын жытындай болгон уулумдун жыты.
28
Кудай сага асман шүүдүрүмүн, жердин семизин берсин, нан менен шарапты мол берсин.
29
Элдер сага кызмат кылышсын, уруулар сага баш ийип таазим этишсин. Бир туугандарыңдын төрөсү бол, энеңдин уулдары сага баш ийип таазим этишсин. Сени каргагандар каргышка калышсын, алкагандар бата алышсын».
30
Ыскак Жакыпка батасын берип бүткөндөн кийин, Жакып атасы Ыскактын алдынан чыгып кетери менен, бир тууганы Эйсап аңчылыктан келди.
31
Ал да атасына тамак бышырып алып келип: «Тур, ата, уулуң алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бересиң», – деди.
32
Атасы Ыскак андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Ал: «Мен тун уулуң Эйсапмын», – деп жооп берди.
33
Ошондо Ыскак аябай коркуп, калтырап кетип, мындай деди: «Сен келерден мурда мага илбээсиндин этин алып келген ким эле? Сен келгиче, мен анын бардык тамагынан жеп, ага батамды бердим, эми ал баталуу болот».
34
Эйсап атасынын сөздөрүн укканда, боздоп ыйлап жиберди. Анан: «Ата! Мага да батаңды бер», – деди.
35
Бирок ал: «Бир тууганың куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти», – деди.
36
Ошондо Эйсап: «Ага Жакып деген ат бекеринен коюлган эмес тура, анткени ал мени эки жолу алдап кетти. Ал менин тунгучтугумду алды, эми менин батамды да алды», – деди. Анан ал атасынан: «Кантип эле сен мага батаңдан калтырган жоксуң?» – деп, дагы сурады.
37
Ыскак Эйсапка: «Мен аны сенин мырзаң кылдым, бардык бир туугандарыңды да ага кулчулукка бердим. Нан менен шарапты мол бердим. Эми сага эмне кыла алам, уулум?» – деп жооп берди.
38
Бирок Эйсап атасына: «Ата, кантип эле сенин бир эле батаң болсун? Мага да батаңды бер, ата!» – деп, озондоп ыйлады.
39
Ошондо атасы Ыскак ага мындай деп жооп берди: «Сен семиз жерде, асман шүүдүрүмү менен сугарылган жерде жашайсың.
40
Кылычың менен жашап, бир тууганыңа кызмат кыласың, бирок ага каршы чыгып, мойнуңдан анын моюнтуругун алып таштай турган мезгил да келет».
41
Ошондо Эйсап атасы берген бата үчүн Жакыпты жек көрүп калды. Анан Эйсап ичинен: «Атамды жоктоп ыйлай турган күндөр жакындап калды. Ошондон кийин бир тууганым Жакыпты өлтүрөм», – деди.
42
Ребекага тун уулу Эйсаптын сөздөрүн айтып келишти. Ошондо ал киши жиберип, кичүү уулу Жакыпты чакыртып: «Сени бир тууганың Эйсап өлтүргөнү жатат.
43
Эми, уулум, менин сөзүмдү угуп, ордуңан тургун да, Харандагы менин бир тууганым Лабандыкына кач.
44
Бир тууганыңдын ачуусу тараганча, аныкында бир аз жашай тур.
45
Бир тууганыңдын сага болгон ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун. Анан мен киши жиберип, ал жактан сени алдырып алам. Бир күндүн ичинде экөөңөн тең ажырап калгым келбейт», – деди.
46
Анан Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» – деди.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50