bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 35
Genesis 35
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 36 →
1
Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Бир тууганың Эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай кур».
2
Ошондо Жакып өз үй-бүлөсү менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.
3
Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлү. Башыма оор күн түшкөн күнү мени угуп, мен жүргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».
4
Алар Жакыпка өздөрүнүн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүнө көөмп салды.
5
Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.
6
Жакып өзүнүн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.
7
Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди Эл-Бейтел деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ошол жерде ага Кудай келген.
8
Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.
9
Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай дагы келип, ага батасын берди.
10
Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.
11
Кудай ага дагы: «Мен Кудаймын, Кудуреттүүмүн. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.
12
Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.
13
Анан Кудай андан, ага сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.
14
Ошондо Жакып өзүнө Кудай сүйлөгөн жерге таштан эстелик тургузуп, анын үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, анын үстүнө зайтун майын куйду.
15
Ошентип, ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.
16
Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. Эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдү. Анын төрөтү оор болду.
17
Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».
18
Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.
19
Рахел өлүп, Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.
20
Жакып анын мүрзөсүнүн үстүнө эстелик койду. Ал мүрзөнүн үстүндөгү эстелик бүгүнкү күнгө чейин турат.
21
Анан Ысрайыл жолго чыгып, Эйдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.
22
Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.
23
Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар жана Забулун.
24
Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.
25
Рахелдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.
26
Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлүшкөн.
27
Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.
28
Ошондо Ыскак жүз сексен жашта эле.
29
Ыскак карылыгы жетип, өмүргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары Эйсап менен Жакып көргө коюшту.
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 36 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50