bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 2
Genesis 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 3 →
1
Асман менен жер жана алардын бардык кошуундары ушундайча жаратылып бүткөн.
2
Ошентип, жетинчи күнгө оогондо, Кудай Өзүнүн иштерин бүтүрдү; Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды.
3
Анан Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени Кудай Өзү жараткан жана жасаган бардык иштерин бүтүрүп, ошол күнү эс алды.
4
Асман менен жердин жаратылуусу мындай болгон: Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда,
5
жерде эч кандай бадал жок эле, эч кандай чөп өсө элек болчу, анткени Кудай-Теңир жер бетине жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок эле.
6
Бирок жерден буу көтөрүлүп, бүт жер бетин сугарып турган.
7
Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды.
8
Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге Өзү жараткан адамды жайгаштырды.
9
Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарды.
10
Эйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлүндү.
11
Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бүт Хабила жерин айланып агат.
12
Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар.
13
Экинчи дарыянын аты – Гихон, ал бүткүл Куш жерин айланып агат.
14
Yчүнчү дарыянын аты – Хидекел, ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат.
15
Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды.
16
Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот,
17
бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».
18
Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы».
19
Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду.
20
Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады.
21
Ошондо Кудай-Теңир адамды катуу уктатып салды. Ал уктап жатканда, анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.
22
Ошентип, Кудай-Теңир адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди.
23
Ошондо адам мындай деди: «Бул – менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал “аял” деп аталат, анткени эркектен алынды».
24
Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.
25
Адам менен аялы экөө тең жылаңач эле, бирок уялышчу эмес.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50