bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 13
Genesis 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 14 →
1
Ыбрам аялы жана өзүнүн кишилери менен Мисирден чыгып, түштүктү карай жөнөдү. Аны менен Лот да жөнөдү.
2
Ыбрам малга да, күмүшкө да, алтынга да аябай бай эле.
3
Ал түштүктөн Бейтелди көздөй жүрүп отуруп, Бейтел менен Айдын ортосундагы мурда чатыры турган жерге келди.
4
Курмандык чалынуучу жай курган мурдагы жерине келип, Ыбрам Теңирдин атын чакырды.
5
Ыбрам менен жүргөн Лоттун да майда жана бодо малы, чатырлары болгон.
6
Аларга бирге жашаганга жер тардык кылды, анткени алардын мал-мүлкү өтө көп болгондуктан, бирге жашоого мүмкүн болбой калган эле.
7
Бир күнү Ыбрам менен Лоттун койчуларынын ортосунда талаш болду. Ал жерде ошол кезде канаандыктар менен периздиктер жашап турушкан эле.
8
Ошондо Ыбрам Лотко мындай деди: «Сен экөөбүздүн, малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз.
9
Мына, бардык жер сенин алдыңда. Менден бөлүн. Эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. Эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин».
10
Лот көз чаптырып, Иордандын бүт тегерек-четин көрдү. Теңир Содом менен Аморду жок кыла электе, Соарга чейинки бардык жерлер Теңирдин багындай, Мисир жериндей сугарылып турчу.
11
Ошондо Лот өзүнө Иордандын бүт тегерек-четин тандады да, чыгышты көздөй жөнөдү. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүштү.
12
Ыбрам Канаан жеринде жашап калды, ал эми Лот тегерек-четтеги шаарларда жашап, өз чатырларын Содомго чейин тикти.
13
Содомдун тургундары болсо Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле.
14
Лот Ыбрамдан бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир Ыбрамга мындай деди: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара.
15
Анткени сен көрүп турган жердин бардыгын Мен сага жана сенин укум-тукумуңа түбөлүккө берем.
16
Сенин укум-тукумуңду кумдай көп кылам. Ким кумду санай алат? Эгерде ал саналса, анда сенин укум-тукумуң да саналат.
17
Тургун да, мына бул жерди узун-туурасынан аралап чык, анткени Мен аны сага берем».
18
Ыбрам чатырын жыйнап, Хеброндогу Мамрей деген эмен токоюнун жанына барып жайланышты. Ал жерде Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50