bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 21
Genesis 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 22 →
1
Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды.
2
Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.
3
Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.
4
Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду.
5
Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле.
6
Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го.
7
“Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.
8
Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.
9
Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,
10
Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».
11
Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.
12
Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.
13
Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.
14
Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.
15
Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,
16
жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.
17
Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.
18
Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.
19
Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.
20
Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.
21
Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.
22
Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.
23
Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.
24
Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.
25
Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи.
26
Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.
27
Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү.
28
Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду.
29
Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады.
30
Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди.
31
Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.
32
Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.
33
Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды.
34
Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50